БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Москвадагы сапарын уюштуруу маселелерине катышпайт. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Себеби, Атамбаев Россияга өз алдынча келе жатат.
Эске салсак, Атамбаев бүгүн, 24-июлда, Канттагы авиабазадан Россияга сапар алды. Аны КСДП төрайымынын милдетин аткаруучу, ЖК депутаты Асел Кодуранова, КСДПнын төрагасынын орун басары, ЖК депутаты Мурадил Мадеминов жана Ирина Карамушкина, ошондой эле кеңешчиси Кундуз Жолдубаева менен КСДПнын расмий өкүлү Темирлан Султанбеков коштоп кетти.
Мурдагы президент 25-июлда кечинде кайтып келерин билдирген.
Виджет news