БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Мейманканаларда "Бардыгы ичинде" системасы (all inclusive) менен эс алып жаткан туристтер иччү ичимдиктерге суу кошулат деген сөздөр жалган жалаа. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Түркиядагы Аланья шаарындагы мейманканалардын биринин атын атагысы келбеген директору айтты.
"Туристке акысыз берилчү ичимдикке суу кошуу бизге пайдалуу эмес. Анткени адам каалаган кондицияга жетүү үчүн баары бир өзүнө жетиштүү градусту топтошу керек. Мисалы, ага бир стакан жетиштүү болсо, суу куюп койгон учурда төрт стакан ичиши керек болот. Демек, барда ошончолук көп отуруп, көбүрөөк идиш кирдетет. Бул бизге пайдасыз", — деди директор.
Анын айтымында, кардар эгер ишенбей жатса, өз алдынча текшерип көрсө болот. Мисалы, мейманканадагы барлар сунуштаган жергиликтүү ичимдиктерге, мисалы, ошол эле улуттук ичимдик — ракыга суу кошкон учурда бир аз тунара түшөт.
"Түрк ичимдиктерин татып көрө элек адамдарга булар башкача даамданып, алгач жакпагандай сезилиши мүмкүн. Ал эми чындап эле сапаты начар, элге жакпаган ичимдик өзүбүзгө дароо эле билинип калат. Мисалы, 1 миң коноктун ичинен 1-2 адам жактырбаса, адамдын табитине туура келген жок деп эсептейбиз. Ал эми 50гө чукул адам нааразы болсо, анда чындап эле аны тез арада жок кылуу керек", — деди жетекчи.
Баса, бул өлкөдө дагы барга турист сырттан ичимдик алып кирбей эле койгону жакшы. Кокусунан ууланып кала турган болсо, кызматкерлер дароо башка жактан келген ичимдикке шылтайт.