БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Баткен облусунун аймагында 15-июлда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.
Жер болжол менен 16:45те силкинген. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Кадамжай районунун Айдаркен шаарында, Сары-Өтөк, Совет жана Кызыл-Коргон айылдарында 5 балл болгон.
Андан кийинки 4 баллдык силкинүү Баткен жана Кадамжай шаарларында, Кадамжай районунун Тескей, Кара-Шоро, Кыргыз-Кыштак, Баткен районунун Бужум, Боз-Адыр, Согмент, Кыштут, Самаркандек айылдарында катталган.
Байкалып-байкалбаган 2 баллдык жер титирөө Ош шаарында, Ноокат районунун Ноокат, Жапалак айылдарында сезилген.
Ал эми андан 10 мүнөттөй эртерээк Ак-Суу районунун Май-Саз айылында 2,5 балл болгон.
ӨКМден жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбагандыгын билдирди.