Жер титирөөгө негизги себеп — анын очогундагы серпилгич, чыңалган тоо тектердин кыймылдап формасын өзгөрткөн учурда жер кыртышынын бүтүн аянтынын ордунан тез жылышы. Зилзаланын көпчүлүк очоктору Жердин үстүнкү катмарына жакын аймагында пайда болот.
Жер кыртышынын жылышы чыңалуу жазылып, бүтүндөй аянтта серпилме өзгөрүүлөр азайып бара жаткандагы серпилгич күчтөрдүн таасири менен болот. Жер титирөө – зилзала болгон аянтта жер алдындагы серпилчээк деформацияланган (кысылма, жылып турма же созулма) тоо кыртышында топтолгон кубат ошол породалардын термелүү кубатына (сейсмикалык толкундарга), породалардын түзүмүнүн өзгөрүү кубатына тез (геологиялык ченемде) өткөндүгү. Мындай кубулуш жер титирөөнүн очогунда кыртыштар бекемдик чегинен ашып кеткен учурда болот.