"Беш күндөн бери дайынсыз". Кыргыз-тажик чек арасындагы айылдыктар нааразылыкка чыкты

© Sputnik / Зульфия ТургуноваӨкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратына Достук айылынын 150дөй тургуну Тажикстанга алып кирип кетишкен айылдашы Газыбек Мейлибаевдин маселеси боюнча наарзычылык билдирип чогулду
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратына Достук айылынын 150дөй тургуну Тажикстанга алып кирип кетишкен айылдашы Газыбек Мейлибаевдин маселеси боюнча наарзычылык билдирип чогулду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Арстанбек Усанов Газыбек Мейлибаев боюнча Тажикстандын күч түзүмдөрү менен маалымат алмашып, иштеше албай жаткандыктарын айтты.

ОШ. 9-июл. – Sputnik. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратына Достук айылынын 150дөй тургуну Тажикстанга алып кирип кетишкен айылдашы Газыбек Мейлибаевдин маселеси боюнча наарзычылык билдирип чогулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы жеринен билдирди.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваЖители села Достук Баткенской области вышли на акцию протеста с требованием освободить односельчанина Газыбека Мейлибаева, задержанного правоохранительными органами Таджикистана
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратына Достук айылынын 150дөй тургуну Тажикстанга алып кирип кетишкен айылдашы Газыбек Мейлибаевдин маселеси боюнча наарзычылык билдирип чогулду - Sputnik Кыргызстан
1/3
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратына Достук айылынын 150дөй тургуну Тажикстанга алып кирип кетишкен айылдашы Газыбек Мейлибаевдин маселеси боюнча наарзычылык билдирип чогулду
© Sputnik / Зульфия ТургуноваЖители села Достук Баткенской области вышли на акцию протеста с требованием освободить односельчанина Газыбека Мейлибаева, задержанного правоохранительными органами Таджикистана
Достук айылынын жашоочусу Сулайман Мейлибаевдин айтымында, уулу Газыбек Мейлибаевди мындан беш күн мурда Тажикстандын күч түзүмдөрү чек арадан кармап кирип кеткен - Sputnik Кыргызстан
2/3
Достук айылынын жашоочусу Сулайман Мейлибаевдин айтымында, уулу Газыбек Мейлибаевди мындан беш күн мурда Тажикстандын күч түзүмдөрү чек арадан кармап кирип кеткен
© Sputnik / Зульфия ТургуноваЖители села Достук Баткенской области вышли на акцию протеста с требованием освободить односельчанина Газыбека Мейлибаева, задержанного правоохранительными органами Таджикистана
Облустук администрацияга келген эл жергиликтүү бийликтен бул окуянын себептерин айтып берүүнү жана айылдашынын бошотулушун талап кылышкан. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Облустук администрацияга келген эл жергиликтүү бийликтен бул окуянын себептерин айтып берүүнү жана айылдашынын бошотулушун талап кылышкан.
1/3
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратына Достук айылынын 150дөй тургуну Тажикстанга алып кирип кетишкен айылдашы Газыбек Мейлибаевдин маселеси боюнча наарзычылык билдирип чогулду
2/3
Достук айылынын жашоочусу Сулайман Мейлибаевдин айтымында, уулу Газыбек Мейлибаевди мындан беш күн мурда Тажикстандын күч түзүмдөрү чек арадан кармап кирип кеткен
3/3
Облустук администрацияга келген эл жергиликтүү бийликтен бул окуянын себептерин айтып берүүнү жана айылдашынын бошотулушун талап кылышкан.

Достук айылынын жашоочусу Сулайман Мейлибаевдин айтымында, уулу Газыбек Мейлибаевди мындан беш күн мурда Тажикстандын күч түзүмдөрү чек арадан кармап кирип кеткен.

Облустук администрацияга келген эл жергиликтүү бийликтен бул окуянын себептерин айтып берүүнү жана айылдашынын бошотулушун талап кылышкан.

Кармалып кеткен жарандын атасы Сулайман Мейлибаевдин айтымында, уулун 2019-жылдын 4-июлунда тажикстандык соодагерлер "акчаңды алып кет" деп кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган жерге чакырып, ошол жерден аны укук коргоо кызматкерлери кармап кеткен. Ал уулунун буга чейин соода-сатык менен алектенип, тажикстандык соодагерлер менен мамилеси болгондугун кошумчалады.

"Уулум Газыбекти Тажикстан тарапка "нейтральный" аймакка чакырып, машинасы менен кошо алып кирип кеткен. Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитети тамеки менен кармаптыр, бирок ал уулумдуку эмес. Биздин коргон чек арага жакын жерде болгондуктан, чек арадан жүктү биздин коргон аркылуу өткөрүшөт. Жүккө уулумдун тиешеси жок. Баламдын кармалганына беш күн болду, алигиче дайынсыз болгондуктан, губернатор Акрам Мадумаровдон жардам сурап келдик", — деди Сулайман Мейлибаев.

Топтолгон элди облустук администрациянын жыйындар залына киргизди. Ал жерде облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Арстанбек Усанов элге окуя боюнча жана жүргүзүлүп жаткан иштер тууралу маалымат берди.

Анын айтымында, облустук милицияга Газыбек Мейлибаевдин атасы Сулайман Мейлибаевден арыз түшүп, арыз Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү башталган. Баткен облустук милициясы Кыргызстандын жараны эмне себептен, кайсыл жагдайда кармалганын билүү максатында атайын кат менен Тажикстан тарапка кайрылган, бирок Тажикстандын күч түзүмдөрү расмий эч кандай маалымат берген эмес.

Экспертно-криминалистическая лаборатория - Sputnik Кыргызстан
Баңгизат ташуу өнүгүүдө! Чек арачылар менен бажычыларга кине коюлду
"Бирок Тажикстандын күч түзүмдөрүнө биз атайын кат менен кайрылганыбыз менен жооп ала элекпиз. Мыйзамдын негизинде башка республикалардын жарандарын кармаган учурда ким экендигин такташ үчүн бизге билдирүү катын жөнөтүшү керек. Бирок Тажикстандын күч түзүмдөрү  бизге кабарлаган жок. Ыкчам издөө иш- чараларын жүргүзгөнүбүздө Мейлибаев Газыбекти Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитети кармагандыгын аныктадык. Эми ТИМ аркылуу иш алып барабыз", — деди Усанов.

Достук айылынан келгендерди өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров да кабыл алды.

Достук айылынан келген Адалат Айтбаеванын айтымында, алар жашаган жер Тажикстандын Исфара району менен чектешет.

"Айылдашыбыз кармалган окуядан кийин биз айылда жашагандан, ары-бери баскандан да коркуп калдык. Жаштардын көбү жумуш издеп миграцияда жүрөт, ал эми калганы чек арадан жүк өткөрүү менен алектенет", — деди Айтбаева.

Белгилеп өтсөк, кыргыз-тажик чек арасына жакын аймактарда чыр-чатак көп чыгып турат. 3-июль күнү Баткен облусунун Ак-Сай айылынын чыга беришиндеги газ куюучу жайдын 55 жаштагы кожоюнун Тажикстандын жараны сабап салган факты катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0