Кытай тарыхчылары Жээнбековго кыргыздар тууралуу жазган китебин тартуулашты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКытай тарыхчылары кыргыздардын тарыхы тууралуу китеп жазып, аны президент Сооронбай Жээнбековго тартуулашты
Кытай тарыхчылары кыргыздардын тарыхы тууралуу китеп жазып, аны президент Сооронбай Жээнбековго тартуулашты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын тарыхын биргелешип иликтөөнү тараптар былтыр жайында сүйлөшүшкөн.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кытай тарыхчылары кыргыздардын тарыхы тууралуу китеп жазып, аны президент Сооронбай Жээнбековго тартуулашты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКитайские специалисты написали книгу об истории кыргызов и подарили ее президенту Кыргызстана Сооронбаю Жээнбекову
Кытай тарыхчылары кыргыздардын тарыхы тууралуу китеп жазып, аны президент Сооронбай Жээнбековго тартуулашты - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кытай тарыхчылары кыргыздардын тарыхы тууралуу китеп жазып, аны президент Сооронбай Жээнбековго тартуулашты
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКитайские специалисты написали книгу об истории кыргызов и подарили ее президенту Кыргызстана Сооронбаю Жээнбекову
Билдирүүдө Жээнбеков окумуштууларды бүгүн, 19-июнь күнү, кабыл алганы айтылат - Sputnik Кыргызстан
2/3
Билдирүүдө Жээнбеков окумуштууларды бүгүн, 19-июнь күнү, кабыл алганы айтылат
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКитайские специалисты написали книгу об истории кыргызов и подарили ее президенту Кыргызстана Сооронбаю Жээнбекову
Мамлекет башчысы окумуштууларга кытай архивдик булактарынан кыргыз элинин басып өткөн жолун, тарыхын терең изилдеп, топтоп жана китеп кылып чыгаргандары үчүн терең ыраазычылык билдирди. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Мамлекет башчысы окумуштууларга кытай архивдик булактарынан кыргыз элинин басып өткөн жолун, тарыхын терең изилдеп, топтоп жана китеп кылып чыгаргандары үчүн терең ыраазычылык билдирди.
1/3
Кытай тарыхчылары кыргыздардын тарыхы тууралуу китеп жазып, аны президент Сооронбай Жээнбековго тартуулашты
2/3
Билдирүүдө Жээнбеков окумуштууларды бүгүн, 19-июнь күнү, кабыл алганы айтылат
3/3
Мамлекет башчысы окумуштууларга кытай архивдик булактарынан кыргыз элинин басып өткөн жолун, тарыхын терең изилдеп, топтоп жана китеп кылып чыгаргандары үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Билдирүүдө Жээнбеков окумуштууларды бүгүн, 19-июнь күнү, кабыл алганы айтылат.

Мамлекет башчысы окумуштууларга кытай архивдик булактарынан кыргыз элинин басып өткөн жолун, тарыхын терең изилдеп, топтоп жана китеп кылып чыгаргандары үчүн терең ыраазычылык билдирди.

"Сиздердин кыргыз тарыхына кызыгып, изилдөөлөрдү жүргүзөбүз деген аракетиңиздерге дагы бир ирет терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Мындан ары дагы биздин окумуштуулар сиздердин институт менен натыйжалуу иштей берүүсүнө тилектешмин. Мамлекет бул багытта бардык колдоосун көрсөтө берет", — деди Жээнбеков.

Ал чогулган материалдарды илимий негизде академиялык басылмадан чыгарып, кеңири таркатуу зарыл экенин билдирди.

Председатель общественного фонда Мурас при аппарате президента КР Кыяс Молдокасымов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Молдокасымов: кыргыз тарыхына 2200 эмес, 3000 жыл экени аныкталды
Кытай коомдук илимдер академиясынын Байыркы тарых изилдөө институтунун кытай чет эл менен байланыш тарыхын изилдөө бөлүмү жана Евразия борборунун директору Ли Цзиньсю академия тарабынан кыргыздардын тарыхы жөнүндө басылып чыгарылган китеп Сооронбай Жээнбековдун түздөн-түз аларга болгон колдоосунун аркасы менен ишке ашканын белгиледи.

"Сиз менен 2018-жылы алгач жолугушканыбызда алдыбызга бир нече максаттарды коюп, ушул материалдарды китеп кылып чыгарабыз деген оюбуз болгон. Бүгүнкү натыйжаларыбыз Кыргызстан жана Кытай мамлекет башчыларынын жеке колдоосу менен жасалган эки өлкөнүн окумуштууларынын эмгегинин үзүрү. Бул аткарган иштерибиздин башталышы гана", — деди ал.

Эске салсак, архив документтерин биргелешип изилдөөнү КР президентинин Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн тийиштүү министрликтери талкуулашкан болчу.

Ошол эле жылдын август айында Кытай окумуштууларынын ушул эле тобу менен өлкө башчы Жээнбеков Бишкекте жолугушкан. Анда кыргыз тарыхына тиешелүү архив документтерин чогултуу жана которуу маселелери талкууланган. Мамлекет башчысы "Мурас" фондусуна кыргыз элинин тарыхына тиешелүү Кытайдагы архивдик булактарды изилдөө үчүн кытай тарап менен кызматташууну улантууну тапшырган.

Президент Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков презентовал книгу председателя Китайской Народной Республики Си Цзиньпина О государственном управлении на кыргызском языке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Си Цзиньпиндин китебинин бет ачары өттү. Жээнбековдун куттуктоосу
Фонддун жетекчиси Кыяс Молдокасымов 2019-жылы Пекинге барып, КЭР Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун директору, профессор Бу Сяньчунь менен жолугушуп, өз ара кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюп келген.

Иликтөөлөрдүн натыйжасында жаңы табылган расмий кытай жазма булактары аркылуу кыргыз тарыхы дагы сегиз кылымга ары жылган.

Мындан тышкары, кытайлык окумуштуулар жазма булактарды иликтөөнүн жыйынтыгында Манчжу дооруна тиешелүү 2800 беттен турган архивдик документтерди табышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0