00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Вивальди и тысячи труб: как орган снова становится модным
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
с Мариной Соломко
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мындан ары имамдар никени жөн эле кыя бербейт. Шарт-талабы

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүИмам. Архив
Имам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми дин кызматкерлери тийиштүү документтерди талап кылат. Ошондой эле 18 жашка чейинкилердин никесин кыйбайт.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Бүгүн, 12-июнда, муфтий Максатбек ажы Токтомушев республикалык борбордук мечитте Бишкек жана Чүй облусундагы имамдарга нике каттоо журналын тааныштырды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Никени каттоого алуунун максаты?

  • Мусулмандардын шарияттык никеге туруусун каттоого алуу жана өлкөдөгү үй-бүлө институтун бекемдөө;
  • Үй-бүлө баалуулуктарын жайылтуу жана нике, талак, нафака маселелерин кеңири түшүндүрүү аркылуу ажырашуулардын алдын алуу;
  • Өлкө боюнча сапаттуу жана бирдиктүү нике кыюуну жолго салуу жана нике кыйган дин кызматкеринин жоопкерчилигин күчөтүү;
  • Күйөө никедеги милдеттерин аткарбаган учурда аялдардын шарияттык, мүлктүк, мурастык укуктарынын сакталуусун камсыздоо;
  • Жубайлар ортосунда сүйүү, мээрим жана байыр алууну, келечек урпакты көбөйтүү, абийирди, намысты сактоо.

Мындан сырткары, шарияттык никени каттоо жүргүзүү үчүн дин кызматкерлери никеге туруп жаткан жарандардын никеге тиешелүү болгон өздүк документтерин талап кылат жана мыйзамдын талаптарына жараша 18 жашка толгон жарандарга гана нике кыюу жөрөлгөсүн шарияттын негизинде өткөрөт.

Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев - Sputnik Кыргызстан
Бал челек кармайм, мал багам, ат минип улакка түшөм. Муфтий менен маек
Шарияттык никени каттоо жүргүзгөн дин кызматкерлери жана имамдар квартал сайын райондук баш имам хатибдерге отчет тапшырса, ал эми райондун баш имамдары облустук казыяттарга, облустук казыяттар муфтиятка нике тууралуу отчет берип турушмакчы.

Журнал имамдар ортосунда шарияттын бардык талаптарына жооп берген каттоо болгондуктан, юридикалык күчкө ээ эмес. Бирок шарияттын негизинде кыйылган нике Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын нике каттоо журналына катталат. Ошондой эле жубайлар никени мамлекеттик каттоо органдарынан дагы каттатууга милдеттүү.

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев нике каттоо журналы аркылуу үй-бүлөнү бекемдөөгө, ага жоопкерчиликтүү мамиле жасоого шарт түзүлөрүн белгиледи.

"Муфтият нике катоо журналы боюнча бир жылдан ашуун эмгектенди. Чет мамлекеттердин тажрыйбасы дагы колдонулду. Журнал Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши тарабынан жактырылып, бүгүнтөн тарта Кыргызстандын бардык облустарындагы казыяттарда кезек-кезеги менен имамдарга тааныштырылып жатат. Муфтият бул журналды дыкат көзөмөлгө алат", — деди муфтий.

Журнал үч миң нуска менен басылып чыкты. 2019-жылдын 12-июнунан 3-июлга чейин Кыргызстандын бардык аймактарындагы имамамдар окутулуп, журнал тапшырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0