Милициянын маалыматы боюнча, эки өспүрүм ооруканага жаткырылган, алардын абалы туруктуу.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 266-беренеси боюнча ("Бейбаштык") каттоого алынган. Учурда абал туруктуу.

Милициянын маалыматы боюнча, эки өспүрүм ооруканага жаткырылган, алардын абалы туруктуу.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 266-беренеси боюнча ("Бейбаштык") каттоого алынган. Учурда абал туруктуу.
Айылдыктарды араздаштырган жаңжал чечилди. Бирок милиция кызматкерлери айылда бир топко чейин болот. Укук коргоо органдары жергиликтүү элдин коопсуздугун камсыз кылып турушат.

Орок айылында чогулган эл акырындык менен тарап жатканын Sputnik агенттигинин кабарчысы билдирди. Эркектер бири-бири менен кол алышып, эгер пикир келишпестиктер болсо аны футбол аянтында топ тээп чече турган болушту.
Чүй облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Элкинбек Аширбаев сүйлөшүүнүн жыйынтыктар тууралуу айтып берди.
Жаңжалга катышкандардын экөө Сокулук РИИБинде кармалып турганын өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Элкинбек Аширбаев билдирди. Анын айтымында, жаракат алган эки бала Бишкектеги балдардын клиникалык ооруканасында.
"Бир пикирге келдик. Тараптар бир-бирине дооматы жок экенин айтышты. Биринчи кезекте айылдыктарга ынтымак керек, буга эки тарап тең макул. Алар бири-бирин кечиришти. Аксакалдар элдешти эми жаштар да ошого барат деп үмүттөнөбүз. Учурда айылда абал тынч", - деди өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Элкинбек Аширбаев.

Учурда милиция кызматкерлери Орок айылында.

Жергиликтүү мечиттин жанында тийиштүү кишилер ортосунда сүйлөшүү болду. Ага айыл аксакалдары да катышты. Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери жаңжал боюнча эки тарап бир пикирге келгенин айтты.