00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кечирим сура сөзүңө! Элдин Туйгунаалы Абдраимовдун кылыгына болгон нааразычылыгы

© Sputnik / Табылды КадырбековЦИК: в голосовании участие приняли 1 млн 557 тысяч избирателей
ЦИК: в голосовании участие приняли 1 млн 557 тысяч избирателей  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Силерге жооп бербейм, жүзүңөр жаккан жок!" - деп журналистти келекелеген өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов сынга алынды.

Аткаминердин мындай жоругуна жинденген интернет колдонуучулардын көбү анын кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Айрымдары Абдраимовго "сулуулук сынагын өткөрүүнү" сунуш кылса, кээ бири бети боелгон Абдраимовдун сүрөтүн чыгарып жиберишти.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Чүй облусунун жетекчисинин жоругун сындаган соцтармактын реакциясын чогултту.

Конфликт между местными жителями в селе Орок Сокулукского района - Sputnik Кыргызстан
Орок айылындагы жаңжалга катышкандарды милиция кармаган видео
Эске салсак, кечээ, 5-июнда, эртең менен Сокулук районунун Орок айылында жаңжал чыккан. Анын кесепетинен 15 үйдүн терезеси талкаланып, жыйылып турган чөп өрттөлгөн. Бул боюнча 33 киши кармалып, 31и кое берилди. Кылмыш жаза кодексинин 266-беренеси боюнча ("Бейбаштык") сотко чейинки териштирүүлөр башталды.

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов ушул окуяга байланыштуу Орок айылына барып, журналисттерге жаңжал боюнча кыскача айтып берген. Кабарчылар дагы суроо узатканда ал КТРК телеканалына гана комментарий бере турганын билдирет. Мунун себебин сураган журналистке: "Сиздин кебетеңиз жакпай жатат, өтө жагымсыз экен",- деп каткырып басып кеткен.

"Чү" дегенде эле Абдраимовдун жообуна жинденген колдонуучулар губернатордун бети, көзү боелгон сүрөтүн жарыялашты.

Сүрөткө улай Туйгунаалы Абдраимовго соцтармак колдонуучулары сулуулук сынагын өткөрүү сунушун киргизишти.

Ширин Жумадилова: "Чүйдүн "сулуучумак", "келишимдүү" жетекчиси сулуулар сынагына калыс болсун",- десе, Санжи Туйтунова аттуу колдонуучу: "Сексизм. Туйгуналы Абдраимов кызматтан кетиши керек. Ысык-Атада сулуулар сынагын уюштурсун. Чыр болуп атса, небереси менен тең кызга ыржактайт", — деген билдирүүсүн калтырган.

Видеону бөлүшкөн Нургүл Максутова мамлекеттик кызматкердин адамды иренжитээрлик мындай кылыгына таң калганын жазган.

"Достор, мен журналист эмес жөнөкөй жаран катары да бул мамлекеттик кызматкердин адамды иренжитээрлик мындай кылыгына таң калдым. Сиздерден пикир уккум келип жатат. Бул эмне дегендик өзү? Видеону көрүп оюңуздарды айта аласыздарбы?" — деп суроо салган.

Өкмөт өкүлүнүн деңгээлине Гүлжан Алтымышбаева аттуу колдонуучу да таң калып, мамлекеттик кызматта этиканын талабы барбы деген маселе көтөргөн.

"Туйгунаалы Абдраимов интервью бер дегенди "мага үйлөнүңүзчү" дегендей кабыл алат го, чамасы... Мамкызматта этиканын талабы барбы?" — деп жазган Алтымышбаева.

Журналистти келекелеген Абдраимовдун кылыгына нааразы болгондор ыр да жазып жиберишкен.

Асейин Саралаев аттуу адам:

"Миң чүрөк болсоң өзүңө,

Май толсо дагы көзүңө.

Кыргыздын кызын кордодуң,

Кечирим сура сөзүңө!" — деп жазган.

Дагы бир интернет колдонуучу Улан Жээналиев: "Кабарчылардын жардамы менен элге жакшы, тынч жагдай боюнча кабар жеткирүүнүн ордуна биринчиден, эркек адамга, экинчиден, облус башкаруучусуна дал келбеген жоруктары үчүн чынында эле кызмат ордунан четтетүү жагы каралышы керек",- деген оюн билдирген.

Ал ортодо Канышай Мамыркулова президент Сооронбай Жээнбеков, мурдагы транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов жана Туйгунаалы Абдраимов үчөө түшкөн сүрөттү жарыялап, алдына төмөнкүдөй диалог жазып койгон.

— Туй ата... Атың ким эле?

— Туйгунаалы...

— Тултуйган жерге кир... Сулуусуңбу...

— Турушум эле ушу...

— Тумшуктан ары бир койсо...

Интернет колдонуучуларынын дээрлик көбү аны журналист кыздан кечирим сурап, кызматтан кетип калуу талабын коюшууда.

"Адамдын кебетесине шек келтирүү менен өз адебиңизди көрсөттүңүз. Сиздей жетекчилерге карапайым элдин кашыктап чогулткан акчасы айлык болуп берилип келет. Чүйдүн губернатору Туйгунаалы Абдраимов кызматтан кетсин", — деп жазган Касиет Алиева аттуу колдонуучу.

Жаңылыктар түрмөгү
0