Тирешкен соодагерлерге жеңилдик болобу? "Берекет" базарынын президентинин маеги

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент ЗАО "Берекет" Индира Абласова
Президент ЗАО Берекет Индира Абласова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери эле "Ош" базарында жууп-тазалоочу каражат, азык-түлүк саткан "Берекет универсал" базарынын айланасындагы чуу токтобой келет. Ал жайдан 1000ге чукул соодагерди чыгарып, ордуна унаа токтотуучу жайы менен соода комплексин куруу пландалууда. Буга соодагерлер караманча каршы болуп, базар жабылса, кайда барабыз деп нааразы.

Базар жетекчилиги менен соодагерлердин тиреши соңку бир айдан бери катуу күч алды. Мындан улам "Берекет" базарынын президенти Индира Абласованы Sputnik Кыргызстан агенттигине чакырып, суроолорго жооп алдык.

Чуулуу базардын аймагы 1,5 гектарды түзөт. Анын бир гектарга жакыны мэрияга тиешелүү. Соода комплекс курууга 2010-жылы Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып турган Иса Өмүркулов токтом чыгарган.

— "Берекет универсал" базарында учурда кырдаал кандай болуп жатат?

Электр зымын жулуп, жабдууларды талкалашты. Ош базардагы жаңжалдын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Электр зымын жулуп, жабдууларды талкалашты. "Ош" базардагы жаңжалдын видеосу
— Биздин базар 15-апрелде расмий жабылган. Коммуналдык кызматтарды берүүнү токтотконбуз. Күзөтчүлөр чыгып кеткен. Соодагерлерге өткөн жылдын 3-декабрынан тарта эскертип, улам мөөнөтүн жылдырып күтүп келдик. Учурда алар мыйзамсыз иштеп жатышат. Кимдир-бирөөлөр биздин соодагерлерди колдонуу менен жерибизге ээлик кылууну көздөп жатат.

Биз бул жерге 450 автоунаага ылайыкташкан унаа токтотуучу жайы менен заманбап соода комплексин курабыз. Жыл аягына чейин бүтүп калат. Ош базардын айланасында 90дон ашуун чарбалык субъект бар. Ага чейин ошол жактан орун таап иштеп турушса болот. Анан кайра кайтып келсе, бизде иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Болбосо мурда күйүп кеткен базардын ордуна курулган соода комплекстен күркө сатып алып же ижарага алса болот.

© Фото / Индира Абласова"Берекет" базарынын президенти Индира Абласова: биз бул жерге 450 автоунаага ылайыкташкан унаа токтотуучу жайы менен заманбап соода комплексин курабыз.
Берекет базарынын президенти Индира Абласова: биз бул жерге 450 автоунаага ылайыкташкан унаа токтотуучу жайы менен заманбап соода комплексин курабыз. - Sputnik Кыргызстан
1/2
"Берекет" базарынын президенти Индира Абласова: биз бул жерге 450 автоунаага ылайыкташкан унаа токтотуучу жайы менен заманбап соода комплексин курабыз.
© Фото / Индира Абласова"Берекет" базарынын президенти Индира Абласова: Жыл аягына чейин бүтүп калат.
Берекет базарынын президенти Индира Абласова: Жыл аягына чейин бүтүп калат. - Sputnik Кыргызстан
2/2
"Берекет" базарынын президенти Индира Абласова: Жыл аягына чейин бүтүп калат.
1/2
"Берекет" базарынын президенти Индира Абласова: биз бул жерге 450 автоунаага ылайыкташкан унаа токтотуучу жайы менен заманбап соода комплексин курабыз.
2/2
"Берекет" базарынын президенти Индира Абласова: Жыл аягына чейин бүтүп калат.

— Соодагерлер ал жерде 1500 адам иштей турганын айтат. Айрымдары бир-эки жыл мурда эле 20-30 миң долларга контейнер сатып алган экен. Эми алар жумушсуз калабы?

— Биз менен 728 адам келишим түзгөн. 7 адам сатып алса керек. Алардын күркөсү канча чарчы метр болсо, жаңы соода комплекстен ошончо жер бердик. Калгандары бизден эмес, өз ара бири-бирине саткан. Ага биздин тиешебиз жок. 1998-жылы "Берекет универсал" базары ачылганда биринчи кардарларга акысыз берилип, ижарасын гана төлөп турушкан. Негизи бизде иштеген ордун кайра сатууга тыюу салынат.

— Тыюу салынса анда кандайча колдон-колго сатылып кеткен? Сиздер муну көзөмөл кылган эмессиздерби?

— Эми өз ара ишине аралашып, баарын биле албайбыз да. Бирөө сатса "Мен кетип жатам, ордума бул калды" деп келишимди бузат да ага каттатып коёт. Бизге ижараны кийинкиси төлөй берет. Ушинтип иштеп келишкен. Ижарага күнүнө бир чарчы метрине 55 сомдон 100 сомго чейин төлөнөт.

— Жаңы соода комплекстин 1 чарчы метри 1000-1500 доллар. Мындан сырткары, күн сайын ар бир чарчы метрине 50 сомдон ижара төлөшү керек. Эгер 10 чарчы метр жерде иштесе, ижарага айына 15 000 сом экен. Өзүңүздөрдүн соодагерлерге жеңилдиктер каралган эмеспи?

— Ал жерде суроо-талапка жараша тариф коюлган. Эгер азыр сатып алса, кийинчерээк баа жогорулаганда башкага сатып же ижарага берип деле пайда көрө алат. Сатып алууга акчасы жетпесе убактылуу ижарага алып иштегенге дагы уруксат. Мурдагыдай эле чарчы метри күнүнө 55-100 сомдун тегерегинде. Биз бир баага токтолгон жокпуз. Соодагер келип сүйлөшүп, өзүнүн шартын коюп, ар кандай варианттарды тандаса болот. Биз аларга сунуштап жатабыз, мажбурлаган жокпуз. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Берекет" базарынын президенти Индира Абласова: ижарага күнүнө бир чарчы метрине 55 сомдон 100 сомго чейин төлөнөт
Тирешкен соодагерлерге жеңилдик болобу? Берекет базарынын президентинин маеги - Sputnik Кыргызстан
"Берекет" базарынын президенти Индира Абласова: ижарага күнүнө бир чарчы метрине 55 сомдон 100 сомго чейин төлөнөт

— Жаңы комплекс кургандан кийин ушул соодагерлер кайтып келишсе кандай наркта алат?

— Анда деле сатып алышат, ага алы жетпесе ижарага турат. Мурда иштеп кеткендерге арзандатуу болот, жеңил жолдорун сунуштайбыз. Баасы ушул сыяктуу эле болот. Бизде өнүгүү болушу керек да. Базарды иретке келтирип элди өзүбүзгө тартып, жакшы шарттарды түзүшүбүз керек. Азыр көбү базарга келбей соода борборлоруна каттап калыптыр.

Ош базарындагы митинг. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ош" базарында соодагерлер кайрадан жаңжал чыгарды. Окуянын видеосу
— Деген менен супермаркетке бара албаган адамдар бар да. Бул соода комплекс иштеп баштаса баалар кымбаттайт деп жатышат. Азык-түлүктөрдү азыркыдай баа менен ала албай калбайбызбы?

— Эгер товары жакшы, кардары көп болуп турса эмнеге кымбаттамак эле? Ансыз деле азыр ижарага карабай эле бааны көтөрүп алышкан. Биз өзүбүздүн шарттарды түзүп беребиз. Баанын кандай болоруна мен жооп бере албайм, убакыт көрсөтөт. Ижарага байлоо туура эмес, башка факторлор бар.

— Ошон үчүн сурап жатам да, соода комплексте ижара акысы кымбат болсо баанын жогорулашына таасир этпейби?

— Азыр биздин максат — тарифти же ижараны карабай комплексти куруу. Биз азыр базарды бошотуп, глобалдуу маселе болуп жаткан унаа токтотуучу жайдын маселесин чечишибиз керек. Шаардыктарга ыңгайлуу шарт түзүп, бизден кетип калган кардарды кайра тартууга аракет кылабыз.

— Ооба, азыр сиздердин "баш оору" базарды бошотуу болуп жатат. Бирок азык-түлүктүн баасы кымбаттабайбы деген маселе элди ойлондуруп жатпайбы...

— Эгер баалар таасир эткен болсо, сатуучу да, сатып алуучу да башка жакты тандап кетет. Азыр өзүм супермаркеттен соода кылам. Мен кымбатыраак болсо дагы ыңгайлуу жерди тандайм. Эгер биздин комплекс бүтүп калса, андан да ыңгайлуу болот. Бир жерге кирип кийим-кече, тиричилик техникасын, азык-түлүк, баарын алып арабага салып чыгып кетесиң. Учурда базарда унаа эмес, жөө адам араң басып жүрөт.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Берекет" базарынын президенти Индира Абласова: менин оюмча, кимдир бирөөлөр соодагерлерге туура эмес багыт берип, башын айландырып жатат. Алар мүмкүн болбой турган нерсеге үмүт артып отуруп алышты.
Тирешкен соодагерлерге жеңилдик болобу? Берекет базарынын президентинин маеги - Sputnik Кыргызстан
"Берекет" базарынын президенти Индира Абласова: менин оюмча, кимдир бирөөлөр соодагерлерге туура эмес багыт берип, башын айландырып жатат. Алар мүмкүн болбой турган нерсеге үмүт артып отуруп алышты.

— Жогорудагылардын баарын соодагерлерге кенен-чонон түшүндүрдүңүздөр беле? Биз барганда алар такыр башкача сүйлөп жатышпайбы?.. Эмнеге мунасага келе албай жатасыздар?

— 3-декабрда Ленин райондук акимиат менен биргеликте чогулуш өткөргөнбүз. Андан кийин да жолугушууларды өткөрүп, варианттарды сунуштап келгенбиз. Учурда соодагерлердин жарымына чукулу башка базарга барып ишин улантууда.

Менин оюмча, кимдир бирөөлөр соодагерлерге туура эмес багыт берип, башын айландырып жатат. Алар мүмкүн болбой турган нерсеге үмүт артып отуруп алышты. Бир компромисске келбей, жада калса бизди уккусу жок. Уюшкан топтордун убадасына ишенип жатышат. Бирок ал аткарылбай турганын эскертип коёюн. 

— Башка уюшкан топтор ким болушу мүмкүн?

— Азыр так кесе бирөөнү айта албайм. Сыртта туруп иш жүргүзгөндөр соодагерлердин арасында дагы бар. Алар кайсы бир максатына жетүү үчүн биздин жерди басып алып иштеп жатышат.

Базарды жабам деп соодагерлерди кууратууда. Ош базарындагы ызы-чуунун видеосу - Sputnik Кыргызстан
Базарды жабам деп соодагерлерди кууратууда. "Ош" базарындагы ызы-чуунун видеосу
— Сиз "басып алды" деген сөздү колдонуп жатасыз. Соодагерлер сырттан келип ээлеп алган жок да, балким, иштеген жеринен чыкпай жатат десеңиз туура болот беле?

— Басып алганы факт. Алардын келишими бүткөн, колунда тийиштүү документи жок. Биздин аймакта иштөөгө акысы жок. Биз базарды жапканбыз, соодагерлер өз алдынча келип ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Муну басып алуу деп атасак болот. Мындай кадамдар менен маселе чечилбейт. Биз тынчтык жолу менен укуктук талаада маселени чечели деп жатабыз.

— Базардын аймагында муниципалдык жер дагы бар экен. Ошол жерге соода комплекс кура берсе болобу?

— "Берекет универсал" базарынын аймагы 1,5 гектар. 0,953 гектары муниципалдык жер. Аны 1998-жылдан бери ижарага алганбыз. 2010-жылы кайра 10 жылга узартып, унаа токтотуучу жайы менен соода комплексин курууга токтом чыккан. 2020-жылы бүтсө дагы узартабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0