"Ош" базарында соодагерлер кайрадан жаңжал чыгарды. Окуянын видеосу

© Sputnik / Эламан Карымшаков"Ош" базарындагы митинг. Архив
Ош базарындагы митинг. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көптөн бери жабуу аракети болуп жаткан "Берекет универсал" базарында бүгүн да жаңжал чыкты.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. "Ош" базарында топтошкон соодагерлер менен күзөтчүлөрдүн ортосунда чуу чыгып, видеосу социалдык тармакка жүктөлдү.

Жаңжал жабуу аракети жүрүп жаткан "Берекет универсал" базарында чыкканы белгилүү болду.

Соодагерлердин бири окуя бүгүн, 17-апрелде, кечки саат 18.00дөр чамасында болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Үч күн мурун күзөтчүлөр базарды карабай чыгып кетип, өзүбүз 20-30дан чогулуп кезектешип түнү менен кайтарып жатканбыз. Бүгүн күзөтчүлөр кайра келип алышыптыр. Алардын кетишин талап кылдык. Анткени күзөтчүлөр түнү менен дарбазаларга бетон куюп, базарга кирген жолду бөгөп салат деп уктук", — деди соодагер.

Ош базарында миңдеген адам жумушсуз калабы? Соодагерлердин арыз-муңу видеодо - Sputnik Кыргызстан
"Ош" базарында миңдеген адам жумушсуз калабы? Соодагерлердин арыз-муңу видеодо
Эскерте кетсек, "Берекет универсал" кичи базарын жаап, ал жерге соода комплексин куруу пландалууда. Буга каршы болгон соодагерлер митингге чыгып, мамлекеттик органдарга кайрылууда. Алар эгер базар жабылса, кайда барабыз деп нааразы. Базар жетекчилиги мурда өрттөнгөн базардын ордуна курулган имараттын ичинен күркө сатып алууну сунуштаган. Бирок соодагерлердин айтымында, анын 1 чарчы метри 1500 доллар. Мындан сырткары, күн сайын ар бир чарчы метрине 50 сомдон ижара төлөшү керек. Эгер 10 чарчы метр жерде иштесе, ижарага айына 15 000 сом кетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0