00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Электр зымын жулуп, жабдууларды талкалашты. "Ош" базардагы жаңжалдын видеосу

Жазылуу
Соодагердин айтымында, базар жетекчилиги бир топ күзөтчү менен келип электр зымдарын кыркып, жарык берүүчү жабдууларды талкалап кетишкен.

Бүгүн эртең менен "Ош" базарындагы "Берекет универсал" кичи базарынын электр энергиясы өчүп калды. Муну базар жетекчилиги соодагерлердин каршылыгына карабай атайлап жасаганын ошол жерде иштеген соодагер Махабат Шамшиева билдирди.

"Базардын жетекчиси Индира 15-20 күзөтчү жана бою узун 6-7 эркек менен келди. Жер төлөгө кирип электр зымдарын кыркып, жабдууларды талкалап салышыптыр. Эсептегичтер жерде чачылып жатат. Алар "Үй-бүлөң барбы? Жашоо керекпи? Силерге тынчтык бербейбиз?" деп коркутуп-үркүтүүдө. Өчүрбөгүлө деп барган баламдын мурдун каната коюптур", — деди соодагер.

Базарды жабам деп соодагерлерди кууратууда. Ош базарындагы ызы-чуунун видеосу - Sputnik Кыргызстан
Базарды жабам деп соодагерлерди кууратууда. "Ош" базарындагы ызы-чуунун видеосу
Ошондой эле үч жыл мурда ушул базардан 35 миң долларга күркө сатып алганын, учурда бир миллион сом насыясы бар экенин айтып, бул жактан чыгарып салса, каякка барам деп ызаланууда.

"Эми базар боюнча жарык өчүп калды. Бул жерде 1500 адам иштейт, кайра электрик чакырып зымдарды улатабыз эми. Булар элди аябай кыйнашты. Ушинте берсе, Ак үйдүн алдына митингге да чыгат окшойбуз. Бир ай мурда күзөтчүлөр да чыгып кеткен. Өзүбүз кезектешип 35 эркек сыртын, 35 аял ичинде кайтарып жатабыз", — деди Шамшиева.

Ал эми "Берекет" жабык акционердик коомунун президенти Индира Абласова базар 15-апрелде эле жабылып, коммуналдык кызматтар токтотулганын айтууда. Бүгүн алар электр жабдууларын алып кетүүгө барышканын билдирди.

"Өзүбүздүн электр жабдууларыбызды алып кетүүгө барсак, соодагерлер каршы туруп күч колдонуп бербей коюшту. 15-апрелде базарыбызды жапканбыз. Андан бери кантип иштеп жатышканын өзүлөрүнөн сурагыла. Биз соодагерлерди сүйлөшүү жолу менен гана бир мунасага келүүгө чакырып жатабыз. Көп варианттарды сунуштадык", — деди Абласова.

Жогорку Кеңештин депутаты, төраганын орун басары Мирлан Бакиров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бакиров "Ош" базары дагы өрттөнүп кете электе маселени чечүүнү сунуштады
Ал соодагерлердин жасаган кадамдарын жеке менчик жерди басып алуу катары сыпаттады.

Эскерте кетсек, беш айдан бери азык-түлүк жана жууп-тазалоочу каражаттарын саткан "Берекет универсал" кичи базарын жаап, соода комплексин куруу аракети жүрүп жатат. Буга соодагерлер караманча-каршы болуп, базар жабылса, кайда барабыз деп нааразы. Базар жетекчилиги мурда өрттөнгөн базардын ордуна курулган имараттын ичинен күркө сатып алууну сунуштаган. Бирок анын 1 чарчы метри 1500 доллар. Мындан сырткары, күн сайын ар бир чарчы метрине 50 сомдон ижара төлөшү керек. Эгер 10 чарчы метр жерде иштесе, ижарага айына 15 000 сом кетет.

Талашка түшкөн базарда келишим боюнча 790 адам эмгектенет. Ал эми соодагерлер 1500 адам иштей турганын айтууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0