Өлкө башчысынын айлыгы бир жылда 27 миң сомго көбөйдү

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПрезидент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2014-жылы Атамбаевдин кирешеси 1 миллион 282 миң сомду түзгөн.

БИШКЕК, 2-июль — Sputnik. Мамлекеттик кадрлар кызматы жарыялаган мамлекеттик кызматкерлердин декларациясына ылайык, президент Алмазбек Атамбаевдин айлык акысы жыл ичинде 27 миң сомго өскөн.

Айлык акы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айрым кесип ээлеринин айлык акысы 1-апрелден баштап жогорулайт
2013-жылы Атамбаев өлкө башчы катары 960 миң 744,84 сом айлык алса, 2014-жылы маяна көлөмү 1 миллион 281 миң 609 сомго чейин жогорулаган.

Президенттин ээлигинде бак-дарак отургузулган жер, 2007-жылкы Тойота Лэндкруизер унаасы жана 64 чарчы метрлүү квартира бар.

Атамбаевдин туугандары 2014-жылы негизги жумушунан 199 миң 55 сом иштеп табышкан, которуулардан 120 миң доллар жана акциялардан дивиденд катары 26 миң 290 сом киреше алышкан.

Президенттин туугандарынын менчигине 15,7 чарчы метр аянттагы унаа токтотуучу жай, жалпы аянты 184,6 чарчы метрди түзгөн эки квартира катталган. Мындан тышкары, алар белгисиз компаниянын акцияларынын 86 пайызына ээлик кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0