00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Максимальный репост
On air
12:06
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Уран казууга каршы митинг - Sputnik Кыргызстан

Ак үйдүн алдындагы уран казууга каршы митинг. Тексттик трансляция аяктады

Жазылуу
Акцияга 100дөй киши катышып жатканы айтылды.

Жогорку Кеңеш имаратынын алдында уран казууну Ысык-Көлдө эле эмес, жалпы Кыргызстандын аймагында токтотууну талап кылган митинг өтүп жатат.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл району менен Кочкор районунун чегиндеги Кызыл-Омпол аймагында уран кенин чалгындоо иштерине жергиликтүү тургундар каршы чыккан. "ЮрАзия в Кыргызстане" ишканасы чалгындоо иштерине лицензияны 2010-жылы алып, казуу иштерине да уруксат алууну көздөгөн. Нааразычылыктардан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кендеги бардык иштер токтотулганын маалымдаган. Ал эми вице-премьер Кубатбек Боронов жер кенин иштеткен компаниянын лицензиясы алынгандыгын билдирген.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
12:15 26.04.2019

Уран казууга каршы Бишкек шаарынын борборунда уюштурулган митинг аяктады. Эл акырындап тарап баштады. 

Митинг против добычи урана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
12:14 26.04.2019

Чогулгандар уранды казууга каршылыгын билдирген  жана бир нече талаптарды айткан резолюцияга кол коюп башташты.

Митинг против добычи урана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
12:04 26.04.2019

Митингге чогулгандардын арасынан "Ата-Мекен" жана КСДП партиясынын өкүлдөрүн, экс-элчилердин жүргөнүн көрүүгө болот. 

11:59 26.04.2019

Акцияда аз жерден уруш чыгып кете жаздады. Митингчилерге басып келген  эки жигит ошол жерде турган Равшан Жээнбековдун тезинен кетип калуусун талап кылды. Алардын арасында жүргөндөрдүн бири "алдыңа кетейин байке, кетип кал. Азыр жаман болот" деди. Ал жерден тургандардын бир даары саясатчыны коргоп калды.  Жээнбеков топтун арасынын жанындагылар менен акырындап четке чыга берди.  

Тытып салат! Уранга каршы митингде Равшан Жээнбековдун айынан чыр чыкты. Видео - Sputnik Кыргызстан
11:45 26.04.2019

Алардын бири Жогорку Кеңештин депутаттарын сындады. Эмнеге алар уран казуу маселесинде боюнча унчукпай турушат деген суроо салды. Анткен менен ал арада митингчилерге келген депутат Алмамбет Шыкмаматов журналисттерге комментарий берип жатат.

Митингге чыккандардын саны болжол менен 150 адамга жакын.

11:39 26.04.2019

Акцияга чыккандардын бири өкмөттү ишинин башкы тармактарын кайрадан карап чыгып, уранды казуунун ордуна туризмди өнүктүрүүгө чакырды. Ага IT-сектору менен айыл чарбасын кошту. Угуп тургандар аны кол чаап, коштоп, кубаттады.

Митинг против добычи урана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
11:34 26.04.2019

Чогулгандар кыргыз жана орус тилдеринде ураандарды кыйкырып, айтып жатышат.

Митингчилерден улам, "Тазалыктын" кызматкерлери ишин токтотту. 

11:28 26.04.2019

Митингчилер жүргөн аянтта муниципалдык "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери жерди түтүктөгү суу менен жууп жүрүшөт. Сары кийимчен кызматкерлердин  шыпыргы менен сууну шилеп жатканын көрүүгө болот.

 

Митинг против добычи урана в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
11:14 26.04.2019

Митингге парламенттеги "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов келди. Бул аталган иш-чарада катышып жаткан жалгыз депутат эмес. 

11:04 26.04.2019

Акцияга өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү келгенин көрүүгө болот

11:03 26.04.2019
11:01 26.04.2019

Сүйлөп жаткандар урандын казылышынын жана экологияга келтирген зыяны тууралуу айтып жатышат.
Жамгыр себелеп баштады.

10:55 26.04.2019

Сүйлөөчүлөрдүн тизмеси түзүлүп, биринчи болуп "Наше право" коомдук фондусунун директору Калича Өмүралиева чыкты.

10:55 26.04.2019

Митингдин координатору Чернобылда каза тапкандарды эскерип, аза мүнөтүн жарыялады.

10:53 26.04.2019

Митингчилер аянтты жууп-тазалап жаткан "Тазалыктын" кызматкерлерине жолтоо болуп жатканы айтылды. Акциянын катышуучулары колонаасы менен Манастын эстелигинин жанына келишти.

10:46 26.04.2019

Коомдук тартипке милиция кызматкерлери көз салууда.

10:45 26.04.2019

Митингчилер имараттын темир тосмосун бойлой турушат. Колдорунда "Уран казууга каршыбыз!", "Ата Мекенди зыянга учуратууга жол бербейбиз!" деген плакаттар бар.

10:42 26.04.2019

Жогорку Кеңештин алдына 100дөн ашуун киши чогулганы айтылды. 

Митинг против добычи урана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жаңылыктар түрмөгү
0