00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
От Олимпиады до Игр кочевников: каким будет спортивный год Кыргызстана
08:05
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Калктын экономикалык, финансылык сабаттуулугун көтөрүү керек — кадр маселеси качан чечилет?
09:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
10:04
27 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
10:32
26 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкө боюнча 820 жергиликтүү кеңеш өкүлү окутулду — депутаттар эмнени үйрөнүштү?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге шарт түзгөн медициналык окуу жай
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
13:05
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тай казан кайрадан талашта. Алматыдагы форумга Максат Чакиев катышты. Видео

Жазылуу
Форумга Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын президенти Билал Эрдоган жана 30га чукул өлкөнүн өкүлдөрү катышууда. Анда Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндарында көк бөрү кайсы эреже менен ойнолору талкууланып жатат.

Алматыда өтүп жаткан Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын форумунда көк бөрү оюнунун эрежесинен тай казанды алуу маселеси кайрадан көтөрүлдү. Ал форумга Кыргызстандан Максат Чакиев катышып жатат. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аны менен байланышып, талкууланган маселелер тууралуу сурады.

Чакиевдин айтымында, форумду Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы Казакстан менен биргеликте өткөрүп жатат. Ага аталган конфедерациянын президенти Билал Эрдоган жана 30га чукул өлкөдөн келген өкүлдөр катышууда. 

© Фото / Алия СамидинМаксат Чакиев Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын форумунда
Тай казан кайрадан талашта. Алматыдагы форумга Максат Чакиев катышты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Максат Чакиев Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын форумунда

"Бул жерде эки маселе каралууда, биринчиси — улуттук оюндарды өнүктүрүү, экинчиси — Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык. Анын ичинде көк бөрү орчундуу маселе катары турат. Дүйнөлүк көк бөрү федерациясы Түркияга тай казанды алып салууну сунуштады. Кыргызстандын атынан жалгыз өзүм каршы чыгып, Көчмөндөр оюндарын биз негиздегенден кийин Кыргызстандын эрежеси менен өтсүн деп сурандым. Азыр кагаз түрүндө дагы даярдап тапшырабыз. Кандай жыйынтык болорун айта албайм, расмий түрдө да, мындай да сүйлөшүүлөр болуп жатат", — деди Чакиев.

Ошондой эле уюштуруучулар форумга Кыргызстанды да чакырганын белгилеп, эмнегедир өлкөдөн эч ким барбаганын айтты.

Оюндун кызыгы тай казанда! Кыргыз тарап көкпардын эрежесин сындады. Видео - Sputnik Кыргызстан
Оюндун кызыгы тай казанда! Кыргыз тарап көкпардын эрежесин сындады. Видео
"Менин сунушумду Түркиядан келген бир өкүл гана колдоду. Дүйнөлүк көк бөрү федерациясынын бардык катышуучулары тай казансыз өтсүн деп кол коюп беришиптир. Бул аябай өкүндүрөт. Мен бул форумга Көчмөндөр оюндарынын автору катары гана катышып, тай казан боюнча талашып жатам. Менин көк бөрү боюнча федерация, уюмдарга эч кандай тиешем жок", — деди Чакиев.

Форум 20-21-апрель күндөрү өтүүдө. Ага Африка, Европа, Азия өлкөлөрүнөн өкүлдөр келген. Ал эми Чакиевди уюштуруучулар, Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы чакырган.

Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Искендер Кадыркулов мурунку жумада Алматыга барып келген. Ал эми бул форумга расмий чакыруу алган эмес. Бул туурасында федерациянын баш катчысы Куватбек Аскарбеков билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ҰЛТТЫҚ СПОРТ (@ulttyqsport)

"Казакстандын Улуттук спорт федерациясынын президенти Бекболат Тилеухан Искендер Кадыркуловду кызматка дайындалышы менен куттуктап, таанышуу иретинде чакырган. Ал өткөн жумада Алматыга барып келген. Таанышуу иретинде гана жолугушуу болду. Жумуш тууралуу маселе талкууланган жок", — деди Аскарбеков.

Экс-директор Департамента туризма при Минкультуры Максат Чакиев - Sputnik Кыргызстан
Көкпардын отурумуна тиешем жок! Максат Чакиев Астанага эмнеге барганын айтты
Эл аралык көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов да ал форумга чакыруу келбегенин айтты.

Эскерте кетсек, 14-февралда Астанада Дүйнөлүк көк бөрү федерациясынын жыйыны өтүп, ага 9 өлкө катышкан. Анда тай казансыз, муляж менен ойноого ыктаган көкпар оюнунун талаптары эл аралык эреже катары кабыл алынган. Кыргызстандан расмий өкүл барган эмес. Бирок кыргыз тарап эрежеден тай казанды алууга каршы туруп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0