00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:08
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тай казан менен кош айтышабы? Астанада көкпардын эрежесин 10 өлкө колдоду

© Sputnik / Алия СамидинКокпар боюнча чемпионат. Архив
Кокпар боюнча чемпионат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кабыл алынган эрежеде тай казандын ордуна тегерек чийин чийилип, улак эмес 33-35 килограммдык муляжды тартышат. Оюн 20 мүнөттөн эки тайм менен өтөт.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Көкпар боюнча Дүйнөлүк ассоциацияга кирген 10 өлкө Астанада көкпар оюнунун эл аралык эрежесин кабыл алды. Бул туурасында Sputnik Казакстан "Хабар 24" каналына шилтеме берүү менен билдирди.

Эл аралык көк бөрү федерациясынын башкы катчысы жана Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов - Sputnik Кыргызстан
Саматов: тай казансыз көк бөрүнү колдогондордун аракети ишке ашкан жок
Ал эрежеге ылайык, эми тай казандын ордуна тегерек чийин чийилип, улак эмес, 33-35 килограммдык муляж тартылат. Оюн 20 мүнөттөн эки тайм менен өтөт.

Казакстандын улуттук жана ат спортунун түрлөрү боюнча республикалык борборунун директору Аманжол Хасенов аттар жана улакчылар катуу жаракат алып жаткандыктан тай казандан баш тартылганын белгилеген.

"Көкпар боюнча Дүйнөлүк ассоциация коопсуздук жана оюндун кызыктуулугун арттыруу үчүн жаңы эреже түздү. Динамика жана ылдамдык оюнду кызытат. Ошол эле учурда оюнчулардын коопсуздугун сакташ керек. Аны үчүн атайын форма жана баш кийим менен камсыздалат", — деп айткан Хасенов.

III Всемирные игры кочевников. 6 день. Кок-бору (Финал). Кыргызстан — Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Ташкентте көк бөрүнүн эрежеси бекитилип, тай казанды алуу маселеси көтөрүлдү
Буга чейин жыйынга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия, Венгрия, Кытай, Россия, Афганистан жана Кыргызстан чакырылганы кабарланган. Бирок Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы уюмдан өкүлдөр барган-барбаганы туурасында азырынча маалымат бере элек.

Белгилей кетсек, 8-9-январь күндөрү Ташкентте Эл аралык көк бөрү федерациясынын конгресси өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Россиянын субъектилери (Татарстан, Иркутск, Красноярск, Алтай, Новосибирск) Монголия, Афганистан, АКШ жана Түркия мамлекеттери катышкан. Иш-чарада быйыл күздө Өзбекстанда өтө турган көк бөрү боюнча дүйнө чемпионатынын эл аралык эрежеси (тай казан менен ойноо) бекитилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0