Бишкек — Ош жолу ачылып, унаалар өтө баштады

Жазылуу
Жол кар көчкү түшүү коркунучунан улам жабылган.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Бишкек — Ош жолу ачылып, автоунаалар өткөрүлө баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Эске сала кетсек, буга чейин "Сосновка", "Арал" посттору жана Өтмөк ашуусу 29-март күнү саат 22:00дөн 30-март 10:00гө чейин унаалардын бардык түрү үчүн жабылган.

"Бүгүн, 30-мартта, саат 10.00дө бардык өткөрүү бекеттери ачылып, унаалар интервалды сактоо менен өткөрүлө баштады", — дешти ӨКМден.

Жол кар көчкү түшүү коркунучунан улам жабылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0