Бүгүн кечинде Бишкек — Ош унаа жолу жабылат

Жазылуу
Жолго чыгууну пландагандарга сапарды башка убакытка жылдыруу сунушталат

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кар көчкү түшүү коркунучунан улам Бишкек — Ош унаа жолу жабылат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, "Сосновка", "Арал" посттору жана Өтмөк ашуусу 29-март саат 22:00дөн 30-март 10:00гө чейин унаалардын бардык түрү үчүн жабылат.

Буга байланыштуу жолго чыгууну пландагандарга сапарды башка убакытка жылдыруу сунушталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0