БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Спорт залда сальто секирип жаткан эркек кишинин видеосу социалдык тармактарга жарыяланып, ал Жаза аткаруу мамлекеттик комитетинин төрагасы Мелис Турганбаев экени айтылууда.
Видеодон көрүнгөндөй, машыгуу залында бир топ спортчулар турат, алардын көзүнчө бир эркек киши беш ирет сальто секирген.
Турганбаев бул боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына видеодогу сальтодон кабары жок экенин билдирди.
"Билбейт экенмин, эсимде жок", — деп жооп берди Турганбаев.
Мелис Турганбаев эркин күрөш менен машыгып келгени белгилүү. Ал өткөн жылы ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпионатына катышып коло медаль уткан.