"Түнү бою бир миллион рубль унаанын ичинде жатканын көрбөптүрмүн. Ал арада полиция артымдан аңдып жүрүптүр. Эгер каччу болсом, дароо кармап колума кишен салмак экен",- Нурсултан окуяны ушинтип баштады.
— Үч ай мурда кыргызстандык таксист унутуп кеткен капчыктын ээсин 8 саат күтүп кайтарып берген. Эми сиздин жасаган ишиңиз кубандырып жатат. Миллион акчаны унааңызга ким, кандайча калтырып кетти?
— 20-февралга караган түнү саат 12ден өтүп калган, "Домодедово" аэропортуна кардарды таштап кайтып жатсам, дагестандык бир жигит тосуп шаарга жеткирүүнү суранды. Жанында дагы төрт аял бар экен. Аларды шаардагы бир мейманканага таштагам. Андан кийин унаага беш-алты кардар түшкөн, эртең мененки саат 10го чейин иштедим. Үйгө келип салонду тазалап жатсам, алдыңкы отургучтун астында чөнтөк сумка жатат. Ичин ачсам толо акча экен. Жүрөгүм түшүп калды. 500-600 миң рубль болсо керек деп ойлогом. Баштыктын ичин аңтаруудан коркуп, кайра жаап койдум.
— Акча кимдики экенин билдиңизби, ээсин табууга аракет кылдыңызбы?
— Чынын айтсам, бул атайылап тузакка түшүрүү эмеспи деп корктум. Акча кимдики экенин да билбей калдым. Дагестандыктардан мурун байлардай жүргөн аял алдыга отурган эле ошонун акчасы го деп ойлогом. Негизи көбү алдыга отура бербейт. Түнү менен 3-4 адам эле отурган. Жоготкон адам өзү чалаттыр дегем. Бирок үйгө киргенден кийин 15 мүнөт өтүп Кылмыш издөө бөлүмүнөн экенин айтып "эмнеге чалып жатканыбызды түшүндүңбү" деп сурады. "Ооба, акча менде" дедим да полиция бөлүмүнө алып бардым. Ээлери сумкасын көргөндө эле сүйүнүп, рахматын айтышты. Бирок ичинде бир миллион рубль бар эле десе коркуп кеттим. "Кааласаңар бармак издерин алып көргүлө, ага тийген жокмун" дедим. Анан сырттан күбөлөрдү чакырып санаганда толук чыкты. Бир миллион акча анча аз көрүнөт деп ойлогон эмесмин. Акчага кошулуп паспорту да чыкты.
— Тагыраак айтып берсеңиз, сизди полиция кызматкерлер келип алып кеттиби же өзүңүз бардыңызбы?
— Акчанын ээлери эмнеге өзүңүзгө түз чалбай укук коргоо органдарына арыз жазган?
— Башында айтпадымбы, алар көчөдөн отургандыктан бири-бирибиздин телефон номерибизди алган эмеспиз. Анын үстүнө мен да алардын акчасы экенин билген жокмун. Полиция менен аэропортко барып видеобайкоодон унаанын номерин көрүшүптүр. Мен унааны ижарага алып айдайм, GPS аркылуу каякта жүргөнүмдү билишиптир.
— Акчаны кайтаргандан кийин ыраазычылык билдириштиби?
— Ооба, жакшы эле ыраазы кылышты. Суммасын сыр бойдон эле калтырайын. Негизи алар Дагестанда бут кийим сатып иштешет экен. Ошол акчаны кредитке алып, Москвадан товар алууга келишиптир. Эртеси аларды бир күн кечке базарга ташып жүрдүм. Аягында аэропортко да жеткирдим. Абдан ыраазы болуп, өзүбүздүн жаңылыктарга да чыгарабыз деп сүрөт, видеого тартып кетишкен.
— Акчанын ээси апаңызга ыраазычылык айтып жаткан видео качан тартылган?
— Кайра аэропортко алып бара жатканда "мени апаң менен сүйлөштүр, рахматымды айтып коёюн" деди. Дароо байланышка чыга албагандыктан "видеого тартып алайын кийин жөнөтүп коём" дедим. Башында апам жакшы ишенип-ишенбей жаткан. Видеону көрүп сүйүнүп калды.
— Акчаны көргөндө адамдын ою бузулуп кетет деп калышат. Сиздин оюңузга эң биринчи эмне келди?
— Эми качып кетүү такыр мүмкүн эмес эле. Ачыгын айтканда, акчаны көргөндө ар кандай ой келет экен. Бирок аны мендеги коркуу сезими жеңип кетти. 500-600 миң үчүн камалып кетпейин, келинчегим ооруканада жатса кандай болот дедим. Бөтөн жерде жүрөм, Кыргызстандын жараны экен деп улутубузду жаманатты кылуудан чочуладым. Адамдык абийир да бар эмеспи. Тынчыраак ээсине тапшырсам экен деп тилендим.
Полиция бөлүмүнө барганда тергөөчүлөр, жетекчилиги "Сен чындап эле келдиңби?" деп таң калып, ыраазычылыгын айтты. Кийин билсем, полиция түндө эле менин өздүгүмдү тактап, артымдан түшүп, телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшап жаткан экен. Аман-эсен тапшырып бергениме сүйүндүм.
— Мурда миллион акча кармап көрдүңүз беле?
— Жок. Эң көбү 300 миң сом кармагам.
— Такси кызматында канчадан бери иштеп жүрөсүз, үй-бүлөңүз кайсы жакта турат?
Өзүм 27 жаштамын, Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Таран-Базар айылында туулгам. Эки кызым бар, үй-бүлөбүз менен Москвада турчубуз. Келинчегим жакында эле кыздарды алып кеткен. Ооруп калып учурда Бишкектеги ооруканада жатат.
Ал эми атам 57 жашта, ал да Москвада эмгектенет. Апам 48де, Бишкекте тигүү цехинде иштейт.