Алтын, күмүш, нефрит, сурьма... Чет элдиктер ээлик кылган лицензиялар

© Sputnik / Василий Батанов / Медиабанкка өтүүБалаклавское месторождение известняка в Крыму
Балаклавское месторождение известняка в Крыму - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Январь айынын соңунда өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин отурумун өткөрүп, жер казыналарын пайдалануу тармагын катуу сынга алып, жеке тараптарга берилип жаткан уруксат кагаздары боюнча коррупциялык аракеттер бар экендигин билдирген. Ага бир эле жаран 41 "алтын" лицензиясын алгандыгы себеп болгон.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети кенди издөөгө, чалгындоого, казууга берген 2500дөн ашык лицензияны карап чыгып, чет элдик компания, ысымдар менен байланышкан уруксат кагаздарын тактады.

Сурьма казууга

"Хуасинь" Инвестициялык компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомун Чжай Хунвей, Субихи Пархати негиздеп, аны Чжай Жуй аттуу ишкер жетектейт. Ишкана сурьма өндүрүү үчүн бир уруксат кагазын 2030-жылга чейин алган.

Алтын кенин чалгындоого

Баалуу металлдарды казып байыткан "Интер Алтын" ЖЧКсынын Чаткалда алтын кенин чалгындоого бир лицензиясы бар. Аталган команияны Сюй Чанг, Гу Вэйжонг, Бектур Акжолов түптөгөн.

Алтын, жез издөөгө

"Акыйкат Кей Жи" жоопкерчилиги чектелген коомун Гао Тиен Цзюн аттуу ишкер өзү негиздеп жетектейт. Ал ЖЧК алтын, жез издөө үчүн бир лицензияга ээлик кылат.

Нефрит чалгындоого

"Ишкер-Бошмоюн" ЖЧКсы Ат-Башы районундагы 2714 гектар аянтта нефрит чалгындоого бир лицензия алган. Учурда Гао Тиен Цзюн өзү негиздеген ишкананы жетектеп келет.

Алтын, күмүш, жез, сурьма

"Капитал Гео Трейд" ишканасы алтын, күмүш, жез, сурьма казууга жана чалгындоого эки лицензия алган. Ал ЖЧКны Ли Сяо Чан аттуу ишкер өзү негиздеп жетектеп келет.

Курулуш материалдарын даярдоого

Кыргызстанда катталган "Керамика-Шин Ху-Курулуш" ишканасын Кылымбек Гапыров, Эмиль Эсеналиев жана Ли Хуибиао ачкан. ЖЧКнын курулуш материалдарын чыгарууга эки уруксат кагазы бар.

Алтын казууга

"Кыргыз Республикасындагы жаңы технологияларды импорттоо-экспорттоо боюнча кытай глобалдык компаниясы" ЖЧКсы алтын казууга бир лицензия алган. Аны Хуанг Джанронг, Рахим Хилоу негиздеп, Ма Сяоли аттуу ишкер башкарат.

Коргошун, цинк өндүрүү

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети "Куньшэн Горнопром" ЖЧКсына сегиз лицензия берген. Уруксат кагаздарынын бардыгы тең коргошун, цинк өндүрүү үчүн тапшырылган. Аталган жоопкерчилиги чектелген коомун Чжу Хэпань аттуу ишкер ачып жетектеп келет.

Нефть, газ издөөгө

Хуо Сиань аттуу ишкер өлкө аймагында "Синбао" Кыргыз энергия ѳндүрүп алуу компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомун түзгөн. 84 миң 822 гектар жерде нефть, газ издөөгө бир лицензияга алган ишкананы Хуо Сиань өзү башкарат.

Суу чыгарууга

Let"s Go Drinks жоопкерчилиги чектелген коомун Чу Гоинь, Лю Юнциань, Сю Цуанвей, Гун Минь, Ян Баолинь, Ван Цюангань аттуу ишкерлер ачкан. Ал ишкананын суу чыгарууга бир лицензиясы бар.

Шагыл, кум, топурак казууга

Курулуш иштери менен алектенген "Мэн Ке И Ли Юань" ЖЧКсы эки лицензияга ээлик кылат. Ван Ю Чжун, Юлия Колесникова ачкан ал компания уруксат кагаздарын шагыл, кум, топурак казууга алган.

Көмүр казууга

LUNENG минерал-чийки зат компаниясынын көмүр казууга бир лицензиясы бар. Аталган ишкананы Ман Чун Сяу, Кубаныч Шакиров, Ксю Миньшен түптөгөн.

Алтын, күмүш, жезге

"НАРЫН ГОЛД" жоопкерчилиги чектелген коому алтын, күмүш, жез кенин чалгындоого үч лицензияга ээлик кылат. 1687 гектардан ашык жерден уруксат кагазын алган аталган ишкананы кытайлык "Чжунция" компаниясы негиздеген.

Нефть, газ издөөгө

Хайдарканский ртутный комбинат в городе Айдаркен - Sputnik Кыргызстан
Алтын, сурьма, жез, гранит казууга лицензия алган чет элдиктер. Тизме
"Кыргыз-Мунай Жер" нефтегаз компаниясы 19 миң 200 гектар жерден нефть, газ издөөгө бир лицензиясы бар. Аталган ишканага "Нефтеразведочная компания "Чжуннен" аттуу ЖЧКсы ээлик кылат. Юстиция министрлигинин сайтында "Чжуннендин" негиздөөчүсү катары PLUS GOOD HOLDINGS LIMITED, "Шэньси Яньчан нефть международная разведка" жана Zhong Neng International Crude Oil Investment Group Limited команиялары көрсөтүлгөн.

Көмүр казууга

Кыргызстандын аймагында Zhongyuan Energy and Mineral Resources Coю., Ltd компаниясы "Норус Кол" ишканасын ачкан. Ал ЖЧК көмүр казууга бир лицензия алган.

Алтын кенин чалгындоого жана казууга

"Ноэлия групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун алтын казууга жана чалгындоого үч лицензиясы бар. Аталган ЖЧКны Адылбек Мирзаматов менен Central Asia Mining Investments Ltd. компаниясы ачкан.

Алтын издөөгө, чалгындоого

Өлкө аймагында катталган "Нурэль" ЖЧКсын Хонг Джифенг, Лин Женью, Дин Фэн, Салимжан Джурукбаев, Жоу Руижонг ачкан. Ал ишканага Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети алтынды издөөгө жана чалгындоого эки лицензия берген.

Алтын, күмүш, жез, коргошун, цинк издөөгө

"Окторкой Ресурс" ишканасы Кемин районунун аймагында алтын, күмүш, жез, коргошун, цинк издөөгө бир лицензия алган. Бул ЖЧКны Канаданын Ванкувер шаарында катталган Kenadyr Mining Corporation компаниясы негиздеген.

Алтын издөөгө, казууга

Тенг Жан Фенг аттуу ишкер КРде "Оптимум Трейд" жоопкерчилиги чектелген коомун түптөгөн. Ал ЖЧК алтын издөө, казуу үчүн эки лицензияга ээлик кылат.

Алтын казуу, чалгындоо

"Азия Голд Холдинг" ишканасынын алтын казууга эки, чалгындоого бир лицензиясы бар. Юстиция министрлигинин сайтында аталган ЖЧКны Ян Фатан негиздегендиги жазылган.

Көмүр казууга

Луо Хонгбо, Зенг Шунгуо, Юэ Жианкуиндер Кыргызстандын аймагында "Рудник" жоопкерчилиги чектелген коомун негиздеген. Алар бир лицензияны Ноокат районунда көмүр казууга алган.

Алтын кенин чалгындоо

"Сан Цин Чуан" ЖЧКсына Баткен облусундагы 9780 гектар жерде алтын кенин чалгындоо үчүн бир лицензия берилген. Ал ишкананы Янь Бэйсинь негиздеп жетектеп келет.

Алтын, жез, сурьма издөөгө

"Стибиум" жоопкерчилиги чектелген коомунун 4490 гектар жерден алтын, жез, сурьма издөөгө бир лицензиясы бар. Аталган ишкананын негиздөөчүсү катары Цзиньхань Тоо-кен өндүрүүчү компаниясы көрсөтүлүп, аны Чжуан Цзянруй башкарат.

Нефть, газ издөөгө

Өлкө аймагында катталган "Суй Де" жоопкерчилиги чектелген коомунун нефть, газ издөөгө жети лицензиясы бар. Хуанг Яинг жетектеген ишкана уруксат кагазын 485 миң гектардан ашык аянтка алган.

Сурьма казууга

"Терексай Жаштары" ЖЧКсы сурьма казууга бир лицензияга ээлик кылат. Анын негиздөөчүлөрү катары Чолпон Элмуратова, "Бизниснур" Синьцзян эл аралык соода компаниясы жана "АКА Петролеум" ЖЧКсы көрсөтүлгөн.

Суу чыгарууга

Ли Чиньчинь, Чжо Дайсю аттуу ишкерлер "Тянь-Шань Керамик" жоопкерчилиги чектелген коомун негиздеген. Анын суу чыгарууга бир лицензиясы бар.

Алтын казуу, чалгындоого

"Фулл Голд Майнинг" ЖЧКсы алтын казууга эки, чалгындоого бир лицензиясы бар. Ал ишкананы кытайлык үч компания негиздеген.

Вольфрам, калай кендерине

"Хавила Минералс" жоопкерчилиги чектелген коомун Бакытбек Молдоибраев, Муратбек Нурдинов. Олег Когай, Рю Чанхи ачкан. Ишкананын вольфрам, калай кендерин чалгындоого эки лицензиясы бар.

Алтын издөөгө

Кыргызстандагы "Сикань" Борборазиялык тоо-ѳнѳр жай компаниясын Сиань шаарындагы геология жана кен байлактардын пайдалануу институту жана Лю Шулинь аттуу ишкер ачкан. Ал ЖЧКнын 15 миң 345 гектар жерде алтын издөөгө бир лицензиясы бар.

Көмүр, темир, гипс, цемент

"Циньма куане" жоопкерчилиги чектелген коомун Лу Жунчунь менен Юй Яо ачкан. Аталган ишкана көмүр, темир, гипс, цемент издөө үчүн беш уруксат кагазына ээлик кылат.

Алтын казууга

"Чаткал-17" жоопкерчилиги чектелген коомунун алтын казууга алты лицензиясы бар. Аталган ЖЧКны Йан Цинлон башкарган "ЦЗУФЭН ИНДАСТРИ ГРУП КО. ЛИМИТЕД" ЖЧКсы ачкан.

Сымап, сурьма кендерине

"Чаувай-Кен" жоопкерчилиги чектелген коомунун сымап, сурьма кендерин чалгындоого үч лицензиясы бар. Бул ишкананы Жао Ин Чэн, Акылбек Эрмаматов, Айбек Нишанов, Олжобай Ботобаев ачкан.

Гранит казууга

"Ынтымак КейДжи" жоопкерчилиги чектелген коому гранит казуу үчүн бир лицензияга ээлик кылат. Ишкана Динг Фэнг жана Элюбала Байпакбаева тарабынан ачылган.

Алтын кендерин чалгындоого

Бишкекте катталган "Эгиз Тор девелопинг" ЖЧКсын Чжуан Хунюн жетектейт. Компания алтын кендерин чалгындоого эки лицензия алган. Бул жоопкерчилиги чектелген коомду Чжуан Хунюн, Рустам Шангараев, Уланбек Сармолдоев түптөгөн.

Алтын чалгындоого

Дэн И По менен Фу Мао Хуэй жана бир нече кыргызстандык биригип ачкан "Эгиз-Суу" жоопкерчилиги чектелген коому Нарын облусунда катталган. Аталган ЖЧКнын 4003 гектар жерде алтын чалгындоого бир лицензиясы бар.

Алтын чалгындоого

Джен Мансик башкарган "Эл Джи БЭШ" ЖЧКсы эки алтын кенин чалгындоого уруксат кагаз алган. Ал ишкананы Ли Чанёнг, Эдилбек Токтоналиев, Болсунбек Медеркулов негиздеген.

Нефть жана газга

Кыргызстандын аймагында ачылган "Энергоресурс-Тянь-Шань" жоопкерчилиги чектелген коому нефть, газ издөө, чалгындоо үчүн үч лицензия алган. ЖЧКны Чжан Чжие менен Се Бо аттуу ишкер ачкан.

Алтын издөөгө

"Эр Мунай" ишканасынын алтын издөөгө бир лицензиясы бар. Юстиция министрлигинин сайтында аталган ЖЧКнын негиздөөчүсү катары чет элдиктер негиздеген "Сино Майнинг Кыргыз Инвестмент" компаниясы көрсөтүлгөн.

Кара алтын казууга

Көмүр казуу үчүн "Эрке-Бек" ЖЧКсы бир лицензияга ээлик кылат. Бул ишкананы кыргыз-орус "Ай.ЭмДжи-Консалтинг" компаниясы ачкан.

Алтын, сурьма казууга

"Эти Бакыр Терексай" ишканасынын алтын, сурьма казууга бир лицензиясы бар. Ал ЖЧКны түркиялык "Эти Бакыр" акционердик коому менен "Кыргызалтын" ААКы биргеликте ачкан.

Алтын издөөгө

Пан Стивен Дон аттуу ишкер негиздеп башкарган "Пан Голд" ЖЧКсы төрт уруксат кагазына ээлик кылат. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети лицензиялардын бардыгын алтын издөөгө берген.

Темир, уран, цирконий издөөгө

Экскаватор. Архив - Sputnik Кыргызстан
41 "алтын" лицензиянын чыныгы ээси табылды
UrAsia in Kyrgyzstan ишканасы 42 миң 379 гектар жерден темир, уран, цирконий издөөгө бир лицензия алган. Аталган ЖЧКны Urasia Mining Company, Azarga Resources Limited компаниялары жана бир нече кыргызстандык жаран негиздеген.

Эске сала кетсек, буга чейин дагы Sputnik Кыргызстан агенттиги чет элдик компания, ишкерлердин ысымдары менен байланышкан уруксат кагаздарын тизмектеген.

Маалыматтар Юстиция министрлиги менен Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0