Өкмөт ОСАГО полисин төлөөнү дагы эки жылга жылдырууну колдойт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОСАГО полиси. Архив
ОСАГО полиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы мыйзам эртең, 7-февралда, күчүнө кириши керек эле.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Өкмөт Жогорку Кеңеш депутаттарынын ОСАГО жөнүндө мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн жылдыруу демилгесин колдоого алат. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Тыйын жана унаа ачкычы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акчамды кимге ишенем? ОСАГО полисин берген компанияларга кимдер ээлик кылат
Кеп аталган мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2021-жылга жылдыруу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө болуп жатат.

Буга чейин депутаттар ОСАГО полисин алууну дагы эки жылга жылдырууну сунуштаган.

Эске салсак, "Автотранспот каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамы 2015-жылдын 24-июлунда кабыл алынган жана 2016-жылдын 7-февралында күчүнө кирүүсү тийиш эле. Бирок Жогорку Кеңеш депутаттары тарабынан 2016-жылдын январь айында мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн үч жылга, 2019-жылдын 7-февралына чейин узартуу жөнүндө мыйзам долбоору демилгеленген.

"ОСАГО жол кыймылына аралашып жүргөндөргө, биринчи кезекте унаа ээлерине кошумча финансылык түйшүктү жараткандыгын эске алуу менен өкмөт учурда анын күчүнө кирүү мөөнөтүн которуу тууралуу чечим негиздүү жана туура кадам деп эсептейт", — деп айтылат маалыматта.

Өкмөт тараткан маалыматта ОСАГО боюнча тийиштүү бардык документтер өкмөт тарабынан даярдалгандыгына карабастан, сунушталган эки жыл аралыгында жарандардын кызыкчылыгы үчүн унааны камсыздандырууга жеңил өтүүнү камсыздаган чараларды иштеп чыгуу зарылдыгы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0