Чапанына эки киши батат! Кожомкул балбандын жаңы музейиндеги буюмдары. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБүгүн, 5-февралда, Бишкекте белгилүү балбан Кожомкул Каба уулунун музейи ачылды.
Бүгүн, 5-февралда, Бишкекте белгилүү балбан Кожомкул Каба уулунун музейи ачылды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каба уулу Кожомкул 1889-жылы Суусамырдагы Кең-Суу кыштоосунда төрөлгөн.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Бүгүн, 5-февралда, Бишкекте белгилүү балбан Кожомкул Каба уулунун музейи ачылды.

Иш-чара Кожомкул балбандын атын алып жүргөн Спорт сарайында өтүп, ага вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев жана ЖК депутаттары катышты.

Каба уулу Кожомкул атындагы эл аралык коомдук фондунун жетекчиси, балбандын чөбөрөсү Орозалы Жапар уулунун айтымында, музейдин аянты 60 чарчы метрди түзөт.

"Буга чейин атабыздын музейи Суусамырда бар болчу, эми борбор калаада ачылып жатат. Жаңы музейде чоң атамдын кийим-кечеси, үй-бүлөсүнө таандык идиш-аяктар жана фотоаппаратка тартылган архивдик сүрөттөр коюлат. Маданий жайдын аянты 60 чарчы метрди түзөт", — деди Жапар уулу.

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие музея кыргызскому силачу Кожомкулу Каба уулу в одноименном дворце спорта в Бишкеке
Кожомкулдун музейинин ачылышы борбордогу Спорт сарайында өттү - Sputnik Кыргызстан
1/10
Кожомкулдун музейинин ачылышы борбордогу Спорт сарайында өттү
© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие музея кыргызскому силачу Кожомкулу Каба уулу в одноименном дворце спорта в Бишкеке
Иш-чарага вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев жана ЖК депутаттары катышты - Sputnik Кыргызстан
2/10
Иш-чарага вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев жана ЖК депутаттары катышты
© Sputnik / Табылды КадырбековЛюди на открытии музея кыргызскому силачу Кожомкулу Каба уулу в одноименном дворце спорта в Бишкеке
Музейдин ичи менен Кожомкулдун чөбөрөсү Орозалы Жапар уулу тааныштырды - Sputnik Кыргызстан
3/10
Музейдин ичи менен Кожомкулдун чөбөрөсү Орозалы Жапар уулу тааныштырды
© Sputnik / Табылды КадырбековМужчина рассматривает экспонаты открытии музея кыргызскому силачу Кожомкулу Каба уулу в одноименном дворце спорта в Бишкеке
Маданий жайда балбандын үй-бүлөсү колдонгон буюм-тайымдар да бар - Sputnik Кыргызстан
4/10
Маданий жайда балбандын үй-бүлөсү колдонгон буюм-тайымдар да бар
© Sputnik / Табылды КадырбековЛюди рассматривают экспонаты на открытии музея кыргызскому силачу Кожомкулу Каба уулу в одноименном дворце спорта в Бишкеке
Кожомкул Каба уулуна жаратылыш өтө зор күчтү, дене түзүлүштү тартуулаган. Сүрөттө Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев. - Sputnik Кыргызстан
5/10
Кожомкул Каба уулуна жаратылыш өтө зор күчтү, дене түзүлүштү тартуулаган. Сүрөттө Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев.
© Sputnik / Табылды КадырбековЛюди рассматривают экспонаты на открытии музея кыргызскому силачу Кожомкулу Каба уулу в одноименном дворце спорта в Бишкеке
Ошондой эле музейге балбандын архивдик сүрөттөрү коюлду - Sputnik Кыргызстан
6/10
Ошондой эле музейге балбандын архивдик сүрөттөрү коюлду
© Sputnik / Табылды КадырбековСледы ноги кыргызского силача Кожомкула Каба уулу в музее во дворце спорта в Бишкеке
Кожомкулдун бой-салмагы тууралуу болжолдуу гана маалыматтар айтылып келет - Sputnik Кыргызстан
7/10
Кожомкулдун бой-салмагы тууралуу болжолдуу гана маалыматтар айтылып келет
© Sputnik / Табылды КадырбековМужчина примеряет верхнюю одежду кыргызского силача Кожомкула Каба уулу у музее во дворце спорта в Бишкеке
Бул Кожомкул балбан кийген чапан - Sputnik Кыргызстан
8/10
Бул Кожомкул балбан кийген чапан
© Sputnik / Табылды КадырбековМужчина примеряет верхнюю одежду кыргызского силача Кожомкула Каба уулу у музее во дворце спорта в Бишкеке
Иш-чаранын ачылышына келгендердин бири чапанды кийип да көрдү... - Sputnik Кыргызстан
9/10
Иш-чаранын ачылышына келгендердин бири чапанды кийип да көрдү...
© Sputnik / Табылды КадырбековМужчина с беркутом на открытии музея кыргызскому силачу Кожомкулу Каба уулу в одноименном дворце спорта в Бишкеке
Чөбөрөсү Орозалы Жапар уулу Каба уулу Кожомкул атындагы эл аралык коомдук фондун жетектейт - Sputnik Кыргызстан
10/10
Чөбөрөсү Орозалы Жапар уулу Каба уулу Кожомкул атындагы эл аралык коомдук фондун жетектейт
1/10
Кожомкулдун музейинин ачылышы борбордогу Спорт сарайында өттү
2/10
Иш-чарага вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев жана ЖК депутаттары катышты
3/10
Музейдин ичи менен Кожомкулдун чөбөрөсү Орозалы Жапар уулу тааныштырды
4/10
Маданий жайда балбандын үй-бүлөсү колдонгон буюм-тайымдар да бар
5/10
Кожомкул Каба уулуна жаратылыш өтө зор күчтү, дене түзүлүштү тартуулаган. Сүрөттө Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев.
6/10
Ошондой эле музейге балбандын архивдик сүрөттөрү коюлду
7/10
Кожомкулдун бой-салмагы тууралуу болжолдуу гана маалыматтар айтылып келет
8/10
Бул Кожомкул балбан кийген чапан
9/10
Иш-чаранын ачылышына келгендердин бири чапанды кийип да көрдү...
10/10
Чөбөрөсү Орозалы Жапар уулу Каба уулу Кожомкул атындагы эл аралык коомдук фондун жетектейт

Каба уулу Кожомкул 1889-жылы Суусамырдагы Кең-Суу кыштоосунда төрөлгөн.

Чөбөрөсү Орозалы Жапар уулунун айтымында, Кожомкулдун бой-салмагы тууралуу так маалымат жок. Иликтөөчүлөрдүн болжолдуу маалыматы боюнча бою — 225, 236, 217 сантиметр, салмагы — 208, 164, 147 килограмм болгондугу айтылат.

Кыргызский силач, баатыр Каба уулу Кожомкул - Sputnik Кыргызстан
Кылымда бир жаралчу алп балбан Каба уулу Кожомкул тууралуу 9 факты
Кожомкулдун балбандыгы бала чагында эле байкалган. 15 жашында күрөшкө чыгып, 45 жаштагы дасыккан балбанды жыккан. Ал убагында менмендеген балбандар менен күч сынашып, далайын жер караткан.

Ошондой эле күчкө толуп турган убагында салмагы 400 килограмм өгүздү жаракадан сууруп алгандыгы, Чүйдөн Суусамырга бара жаткан жолдо аты баспай калып, аны Төө-Ашуудан көтөрүп өткөндүгү айтылат.

Кожомкулдун көтөргөн, жылдырган, кулаткан таштары Суусамыр, Байрак, Жоо-Жүрөк, Кең-Суу жайлоолорунда, Кетмен-Төбө өрөөндөрүндө бар.

Атактуу балбан спортту гана аркалабастан, коомдук иштер менен да алектенген. Суусамыр кедейлер комитетинин төрагасы (1921-1929), Кара-Балта райондук жер бөлүмүнүн башчысы (1930), Суусамыр, Кайырма, Көкөмерен айылдык кеңешинин аткаруу комитеттеринде төрагалык кызматтарда иштеген. 1955-жылы 67 жаш курагында дүйнө салган.

Кожомкул Аймончок деген кызга үйлөнүп, экөөнүн ортосунда Алымбек, Турумбек, Амантай, Муктар аттуу уулдары жана Нуржамал деген кызы болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0