Деген менен Наполеон, Гитлер, Муссолини сыяктуу өздөрүн "мекенчил" эсептеген адамдардын өз чындыгы адамзат башына түшкөн зор балакеттин башаты болгону тарыхта белгилүү. Ошондуктан мекенге болгон сүйүүң бирөөнүн аброюн жана ызатын кемсинтип, намысын тебелебегендей болсо…
Мекен кайда?
Мен үчүн мекен — бул жети атам жашап өткөн, өзүмдүн да киндик каным тамган жерим. Бирок азыркы дүйнөлөштүрүү заманында менчилеп жети атасы жердеген жайда төрөлүү баарына эле буюра бербей калды. Акыркы 20 жылда Россия менен Казакстанга жүз миңдеген мекендештерибиз жер которуп кетишти. Ошол мигранттардын ал жакта төрөлгөн балдарынын, неберелеринин мекени кайсы? Менимче, төрөлүп-торолгон жайлары. Бекеринен "киндик кан тамган жер" деп кыргыздар баса белгилешпейт. Анткени ошол жерде аларга алгачкы ырыскысы, чөйрөсү, достору насип болду. Мамлекет тарабынан саламаттыгы камкордукка алынды, тамга үйрөтүлдү, атуулдук берилди. "Бир күн даам таткан жериңе миң күн салам бер" деген акылман элибизде андай жакшылыктарды билбей калчу кесирдик жок.
Ал эми кыргыз жери алар үчүн тарыхый мекен. Тарыхый мекенге карата канчалык күйүмдүү экендиги үй-бүлөдө алган тарбиясынан көз каранды. Деген менен, чөйрө деген чөйрө, акыл менен максаттуу аракет кылбаса, акырындап тарыхый үрп-адаттарды, каада-салттарды, дөөлөттөрдү, ал тургай эне тилди да унуткарып өзүнө сиңирип кетет. Маданиятын унуткан эл — жок болгонго тете. Миграция жараянынын эң чоң көйгөйү мына ушунда.
Улут — бул тагдыр
Бирок биз алардан айырмаланып улут деп тигил же бул этникалык топту, этносту атап көнүп калганбыз. Ошон үчүн кыргыз улуту, орус улуту, татар, өзбек, түрк, уйгур, дунган ж.б. улуттары деп бөлөбүз. Бул мааниде өз этносун башкалардан артык, мыкты көргөн, анын саясий, экономикалык, гуманитардык үстөмдүгүн камсыздоо ниетиндеги, башка айрым этносторго, алардын маданиятына, тилине, дөөлөтүнө карата өзгөчө толерантсыз мамиледеги адамдарды улутчул дешет. Башкача айтканда, өз эли-жерин, улутун сүйүү — улутчулдук эмес, улутунун адилетсиз жана зулум иштерине колдоп-коштоп жардам берүү — улутчулдук. Мындай улутчулдукка ыйманда, адепте жана маданиятта орун жок. Башканын азабынан бакыт кура албайсың. Бирөөнү тебелеп бийиктикке жете албайсың.
Молдокелер айткандай, Жараткан адамдарды душман болуп, бири-биринен кынтык издесин деп эмес, дос болсун, катташсын, сүйлөшсүн, бири-биринен үйрөнсүн деп ар улуттарга, этносторго, түстөргө бөлүптүр. Чындап эле шахматты индустар ойлоп чыгарса, каратэ менен кендону япондор ойлоп тааптыр. Көк бөрү кыргыздарга, хоккей канадалыктарга, футбол англиялыктарга тиешелүү оюн болгону менен бүт дүйнөгө таркап, эл менен элдин достугуна себепкер келүүдө. Орус эли болбосо, Толстой менен Достоевский кайдан чыкмак? Аргентина болбосо, Месси менен Марадонанын футболун кайдан көрмөкпүз? "Манас" эпосундай эпосту кыргыздан башка кайсы эл чыгара алмак?..
Мекен да ата-эне сыяктуу
Алтын капаста эчтемеден кем болбой багылган булбулдун "Алтын уям" деп зардап ырдаганын түшүнүп, аны коё берип, артынан аңдып барып, булбулдун даракта кылдын учундагы чириген чырпык-ылайдан курулган урап түшчүдөй эски уяга учуп жетип "Алтын уяма келдим" деп чексиз кубана сайраганына күбө болгон хан тууралуу икая бар. Анын сыңарындай, капчыгың пулга, ашканаң унга толуп, эчтемеден кем болбой хан сарайда чардап жашасаң да бөтөн эл, бөтөн жерде өз мекениң көздөн учуп, куса болоруңду АКШда жана Японияда өткөргөн үч жылдык өмүрүмдө аябай эле түшүндүм. Ошондой бакубат, бай өлкөлөрдөгү жыргал жашоо али аларчалык оожала элек Кыргызстан деген алтын уямды эч качан алмаштыра албайт. Бейбарс мырзанын жан дүйнөсүндөгү ал-акыбалды, "өзгө жерде султан болгуча, өз жериңде ултан бол" деген кептин айныксыз акыйкат экенин ошондо түшүндүм. Айрым япондордун мени атымдан атабай "Киргису но хито" (Кыргыз киши) деши, мен алар үчүн биринчи кезекте атамдын уулу эмес, элимдин уулу, мекенимдин атуулу экенимди акылыма салып, ошондон улам мекенчилдик тууралуу төмөндөгү тыянактарга түрттү.
Мекенчилдик — бул…
Ким мекенчил?
Манас атам — улуу мекенчил. Анткени анын күрөшү эч кимге асылбаган, бирок катылгандын катыгын берген адилеттүүлүккө негизделген. Анын жүрөгүндөгү сүйүү жек көрүү менен кектен алда канча күчтүү болгон. Эл-жеринин даңазасын арттырган Дүйшөнкул менен Чолпонбай аталарыбыз мекенчил. Кылыч менен эмес, калем менен дүйнөнү багындырган Чыңгыз атабыз мекенчил. Кыштын кыраан чилдесинде элибизге китеп окутабыз деп айылдарды аралап, адамдардын эшигин каккылап жүргөн Ак-Талаа менен Тогуз-Торо жаштары мекенчил.
Сен мекенчилсиңби? Мекенге пайдаң тийсин же жок дегенде зыяның тийбесин. Түкүрбө, сөгүнбө, таштанды ыргытпа, жылмайып жүр, убакытка так бол, тилиңден жана колуңдан эч кимге ыза жетпесин, мыйзамды сыйла, улууга урмат, кичүүгө ызат көрсөт, алдаба, ниетиңди тазалап, пейилди кенен кыл, китеп оку, спорт менен машык, Жараткандын жакшылыктарына шүгүр кыл… Мекенчилдик адеп, ыйман жана билимден башталат.