Чүй милициясынын башчысы Токмоктогу атышууну ЖМКдан билгенине уялды. Видео

© Фото / пресс-служба ГУВДВременно исполняющий обязанности начальника ГУВД Бишкека Самат Курманкулов
Временно исполняющий обязанности начальника ГУВД Бишкека Самат Курманкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй облустук милициясы өткөн ишемби күнү түндө болгон атышуу тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берди.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Чүй облустук ИИББдин башчысы Самат Курманкулов аткезчилердин атышуусун ЖМКдан укканына уяларын маалымат жыйында билдирди.

Патрулирование улиц в деревне Ло де Рейес - Sputnik Кыргызстан
Контрабандачылардын атышуусунда ок жегендер барбы? Милициянын жообу
26-декабрда түнкү саат 03.00дөр чамасында атышуу болгондугу туурасында маалымат чыккан. Ал эми Чек ара кызматынан бул боюнча маалымат түшпөгөндүгүн билдиришкен

Анткен менен милиция ошол жердеги камера тартып калган учурларды текшерип, иликтөө башталган. Кийинчерээк Чек ара кызматы окуя болгон күнү аларга "артымдан кууп келе жатышат" деп эркек киши кайрылганын айткан. Чек арачылар көзөмөл өткөрүү жайынын аймагынан чыгып, мушташып жаткандарды арачалап, беркилер саат 05.38де тарап кеткенин билдирген. Алар эч кандай атышуу болгон эмес деген маалымат берген.

Kaktus Media порталынын журналисти Марат Уралиев "милиция өздөрүнүн аймагында болгон окуяны ЖМКдан билгени үчүн уялабы?" деп суроо салды.

"Ооба, уялам. ИИББдин башчысы катары айтарым, мага бир да милиция кызматкери, ыкчам топтогулар сендей маалымат берген эмес", — деди Курманкулов.

Жетекчи ошондой эле окуянын чоо-жайы такталып жатканын билдирди. Анын айтымында, окуя болгон жерден эч кандай гильза табылган эмес. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн көптөгөн учурлар ачык айтылбайт. Курманкулов, андан сырткары, ЖК депутаты Урмат Самаев окуяны жайгаруу үчүн атышуу болгон жерге келбегенин кошумчалады. Аны менен катар коңшу мамлекетке аткезчилик ишин тескеген "Чемпион" деген лакап аты бар киши ким экенин ачык айткан жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0