Чек арадагы атышуу: жабырлануучу өз версиясын айтты. Видео

Жазылуу
Буга чейин ал күбө катары суралып, бирок тергөөчүлөргө эч нерсе айткан эмес.

"Токмок" чек ара бекетиндеги көзөмөл өткөрүү пунктундагы атышуудан жаракат алган Дастан Бейшенкулов окуя тууралуу өзүнүн версиясын айтып, милицияга эмне үчүн арыз жазбаган себебин түшүндүрүп берди.

Буга чейин маалымдалгандай, 26-январдын түнүндө "Токмок" көзөмөл өткөрүү бекетинде аткезчилер ортосунда атышуу болгону айтылган. Ал ортодо интернетте дал ошол атышуудан башына, бутуна жана далысына ок жеди делген кишинин видеосу тарады.  Өз кезегинде милиция ал жаран башка күбөлөр менен чогуу суракка алынганын билдирген.

Чүй ОИИББдин тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Улан Жукенов маалымдагандай, аталган жаран кийинки сурактарга келген эмес. Андан сырткары, 26-январдын түнүндө көкүрөк тушка ок жеген башка киши күбө катары сурак берген. Ал окуя тууралуу өз версиясын айтып берди.

"Казакстандан бир бала келмек, ошону тосуп алмакмын. Чек арада турсам, терезеси караңгылатылган эки Джип менен балдар келди. Алардын аттары Аскат жана Нурбек экенин кийинки күнү билдим. Бул жерде эмне турасың дешти, ичип алганбы, же чегип алганбы… Жөн эле турам дедим. Жаныма келгенде колу менен түрттү, колунда бир нерсе бар экен. Эмне түртөсүң деп эле кармашып калдык. Көрсө колунда бычак бар экен. Ал колумдун тарамыштарын кесип кетти. Тигинин колундагы бычагын алайын деп жатканда артымдан бирөө чапты. Аскат дегени атты. Качып кеттим", — деди Бейшенкулов.

Пресс-конференция по факту перестрелки контрабандистов — прямой эфир - Sputnik Кыргызстан
Контрабандачылардын атышуусу боюнча милициянын маалымат жыйыны. Видео
Анын айтымында, окуя 24-январдан 25-январга караган түнү болгон.

Андан сырткары, ал качып кетип жатканда артынан октун атылганын уккан, бирок ал кимге карата атылганын көргөн эмес.

Бейшенкулов ошондой эле эртең менен ага Аскат чалганын жана бардыгын "эркекче бүтүрөбүз" деп, эч жакка кайрылба деп суранганын айтты.

Учурда Дастан Бейшенкулов Чүй аймактык ооруканасында дарыланууда. Ал көкүрөгүнө, оң бутуна жана далысына ок жеген. Бейтап атайын аскерлердин кайтаруусунда. Ал эми интернетте тараган видеодо өзүнүн алган жаракаттарын көрсөтүп жаткан Аскат аттуу жаран издөөгө алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0