БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Электрондук билеттерди популяризация кылуу үчүн муниципалитет троллейбус менен автобустардын жол киресин 10 сомго көтөрүүнү пландап жатат. Бирок бул накталай төлөгөндөргө гана тиешелүү болот. Мындай маалыматты Бишкек мэриясынын Транспорт бөлүмүнүн жетекчиси Кубан Жусупов айтып берди.
Аткаминер 24-январда "Бишкек шаарындагы коомдук транспорт системасынын өзгөрүшү" деп аталган иш-чаранын алкагында Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык маалымат борборунда өткөн жыйында сүйлөп жатып айтты.
Атайын смарт-карталарды пайдаланууда жол кирени 8 сомдон калтырып, накталай төлөгөндөр үчүн 10 сомго көтөрүү каралууда.
"Биринчи этапта шаардыктар үчүн 300 миң карта чыгарылмакчы. Андай карталар Бишкектин 500 жеринде сатылат. Андан сырткары, Билим берүү жана илим министрлиги менен Социалдык фонд аркылуу таратылат", — деп билдирди ал.
"Мындай аракет шаардыктардын смарт-карталарды алып, активдүү колдонуусу үчүн жасалды. Нак төлөө учурларын болушунча кыскартууну каалайбыз. Ошондо гана акча айдоочулардын колуна тийбей калат", — деди Койчубаков.
Жыйында карта алуу үчүн эч кандай документ талап кылынбастыгы айтылды. Бул жаатта жеңилдик окуучулар менен пенсионерлерге карала тургандыгы, алардын картасына сүрөт чапталары кабарланды.