БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын АКШ, Россия, Кытай, Түштүк Корея сындуу бир катар өлкөлөрдөгү жаӊы элчилерин дайындоого макулдугун берди. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Талкуу жүрүшүндө депутат Руслан Казакбаев тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелованы Кореяга эмес, Японияга элчи кылып дайындоо туура болмоктугун баса белгиледи.
"Ал Кореяда деле жакшы иштей турганынан күмөнүм жок. Бирок ал япон тилин жакшы билет, мурдатан иштеп калган тажрыйбасы дагы бар. Азыр Япониядагы элчилик орун бош турбайбы", — деди депутат.
Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров мындай чечим Тышкы иштер министрлиги тарабынан кабыл алынганын, Япониядагы элчилик кызмат ордуна жакын арада башка талапкер көрсөтүлө турганын билдирди.
Кыргызстандын АКШ жана Канададагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кадыр Токтогулов 14-январда кызматынан бошотулган болчу.