БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Ден соолукту бекемдеп, саякаттоо үчүн мыкты шаарларды DailyMail басылмасы тизмектеди.
Рейтингде экологиядан тышкары парктардын, спорт залдардын жана ден соолукка пайдалуу азыктарды койгон дүкөндөрдүн саны эсепке алынган.
Франциянын борбору спа-борборлорунун (894) саны, вегандык ресторандары (1 305) жана ден соолукка пайдалуу азыктары бар дүкөндөрү (150) менен тизменин сап башына чыкты.
Таиланддагы Чиангмай шаары спа-борборлору (квадрат километрине 7) жана 307 вегандык рестораны менен рекорддук көрсөткүчкө ээ болгон. Ал эми Барселонада вегандардын 1 350 рестораны, 510 спа-борбору жана 32 йога борбору жайгашкан.
Ошондой эле алдыңкы ондукка Патайя, Ванкувер, Сан-Франциско, Лиссабон, Индонезиядагы Денпасар жана Буэнос-Айрес шаарлары киргени айтылат.