Тизгин жаяр
Заман талабына ылайык ар кимибиз ар тармакта билим алып бир кесиптин ээси болгонго аракет кылабыз. Бирок жогорку билим кишинин Теңирден буйруган касиети, өзөгүндө бугуп жаткан өнөрү, канында кайнап турган ички дараметин ачабы? Анткени ар бир киши табиятынан бир ишке маш, бир өнөргө шыктуу жаралат эмеспи. Бир кесипти аркалап, өмүр өтөлгөсүндө ошону менен жашап, бирок жараткандан буйруган касиети, өнөрү ачылбай кеткен адамдар да арбын. Демек, өмүрдөгү маанилүү нерсе —кишинин өзүн-өзү таанып, өз өнөрүн ача билгени окшобойбу. Киши өз өнөрүн таанып, ички дараметин ачканда гана ошол өнөрдүн адисине, чеберине, устасына айланат.
Уста деген ким?
Жалпы жонунан өнөрдүн түрүнө карай темир уста, жыгач уста, үй курган уста, зергер, кырмачы болушу мүмкүн. Бир өнөрдүн же кесиптин мыктысын да өз ишинин устасы экен дешет. Демек, уста — бул бир иштин чебери.
Устанын түрлөрү
Колунан көөрү төгүлгөн, ишмердиги колунда болгон кишилерди "колу билет турбайбы" дешет. Ал эми ишмердиги тилинде болгон чечендерди "кара сөздүн устасы экен" дешет. Жакшы тикмечини "шайы-бөздүн устасы", ал эми манасчыны "сөздүн устасы" деп аздектешет. Элге алынган эл шайырларын "өнөрдүн устасы" дешет. Демек, ашкан адис, "мастер" деген түшүнүккө шайкеш.
Усталар уламышы
Кыргызда устачылыктын пири — Дөөтү. Элдик уламыштарда сынган ташты да эптештирип жигин билгизбей жамаган мыктылыгы менен даңазаланат.
Чыгыш элдеринде Букар мунарасын курган уста жөнүндө уламыш бар. Өз кезегинде ал Букардын түптөлүшүндө чоң орду бар атактуу устага шакирт түшөт. Мунара курууну мыктылап өздөштүрөт. Ал үчүн, албетте, устатынын оту менен кирип, күлү менен чыгат. Болуп-толуп, өз алдынча мунара куруп, аты элге билинип калган кезинде анын усталыгы алыска угула баштайт. Өз ишине маашырланган ал: "Мен устатымдан да мыкты болдум. Мыктылыгымды ал курган мунаралардан алда канча бийик мунара куруп далилдейм",- дейт. Ошентип Букар мунарасын кура баштайт. Эл арасында аны кубаттагандар көбөйөт. Тетирисинче "суу ичкен кудугуна түкүрдү, устатынын кусуру урат" деп кооптонгондор, жектегендер да чыгат. Мунара болсо күндөн-күнгө бийиктейт. Устаты курган Букардын бардык курулуштарынан ашат. Кышын кынап отуруп, акыркысын коердо мунаранын башынан учуп кетип көз жумат. Бир кыш ошону менен койулбай калат. Эл арасында "устанын менменсингени- мертингени" деген сөз ошондон калган.
Устанын орду
Темирдин, жыгачтын, зер усталарынын жасаган эмгегин баалай билип, айтса ал акыдан ашырып берип устанын көңүлүн ооруткан эмес. Эл арасында азыр да "устанын көңүлү калбасын, айтканын бер" дегендерин угуп калабыз.Үй курарда да уста багуу деген түшүнүк биринчи орунга чыгат. Алардын тамагын бапестеп даярдап, иши бүткөндө айткан акысын берип жылуу-жумшак узатып коюу милдет.
Тизгин жыяр
Кеме курган кишинин өтүгү жыртылып калып көнчүгө келет. Көнчү заматта өтүгүн ултарып бере коюптур. Анын иштегенине маашырланган кемечи: "Бали, ушундай сонун өнөрүң бар турбайбы, колуңдан көөр төгүлөт экен",- деп алкап, өз ишинин ушунчалык чебери экендигине таң калып, башын ийген экен. Демек, өтүкчүбү, машина куруучубу, өз ишин мыкты билсе, ошону менен катар менменсинип жардан алыс кетпей эл үчүн иштесе, анан да анын эмгегин эли баалап турса деген изги тилек…