Тизгин жаяр
Бул сапар эл менен бөлүшкөн жакшылыктар тууралуу азыноолак кеп салабыз.
Шыралга
Мергенчиликке барып олжолуу кайткан киши олжосун жалгыз жеген эмес. Астынан чыккандар, айыл аксакалдары менен бөлүшкөн. Атып алган кара кийик, кийиктин этинен бөлүнүп башкаларга берилчү үлүш шыралга деп аталган.
Шыбага
Той-топурда учурунда келе албай калган кишиге арналып калтырылган даам. Ар кимдин шыбагасын кеч келсе ошондо берип, келе албай калса жакындарынан бердирип жиберген.
Кешик
Кыз-келиндер төркүнүнө барганда ала келип жакындарына, кошуналарына ооз тийгизчү тамак.
Базарлык
Базардан соодасы болгон киши атайын ала келип туугандарга, кошуналарга ооз тийгизчү азык.
Уйкулук
Алыска сапар аттанган, жол тарткан киши жакындарына бере турган азык же суусун.
Ажыраш аяк
Алыска, биротоло көчүп кетип жаткан киши кошуналарына, катыштарына атайы дасторкон жайып, тасмалын тарткан. Үйүнөн акыркы жолу даам сыздырган.
Кылоо
Чачыла
Келин келгенде, үйгө кирип бараткан кезде келиндин үлбүрчөгүнө (жоолук же жамынчы) чачылган боорсок, курут, таттуулар. Келин кесек биз да той берип келиндүү бололу деп, кыздар биз да келин бололу деп, чачыладан ооз тийишкен.
Табак түп
Той-аштарда, сый конок күткөндө тамак тартылган табактын түбүндө калган тамак. Көбүнчө кызмат кылган келиндерге берилген.
Түбүн ичмей
Хандын, төрөнүн, кадыр-барктуу, элге алымдуу киши, көп жашап, көптү билген нарктуу аталар, набаттуу энелер тамак жеген табактын, суусун ичкен идиштин түбүндө калганын ошолордой бололу деп жеп коюу. Көбүнчө табак түптү кичинекей балдарга беришкен.
Казан түп
Тизгин жыяр
Түпкү маанисин өтө терең билбесек да бул жөрөлгөлөр эл арасында аздыр-көптүр жашап келе жатат. Антсе да заман агымы менен кой сойсо дарбазасын кулпулап алып өзү жеген, той жасаса шыбагасын калтырып койбогон, ую тууса дасторкон жайып, кылоо бермек тургай, ууздан ооз тийгизбеген соргоктор да жок эмес. Табак түптү жемек тургай, бирөө жеген деп төгүп салгандар, кан идиштин түбүн ичпей калган заман. Антсе да жакшы тилек — жарым ырыс дейт эмеспи, жакшыга жанаш дешет. Табак түп, кешиктен ыргылжың болгон болбос. Жакшылыкпы, жамандыкпы, канчалык көп киши ооз тийип, батасын берсе, ошончолук бата байытаарын аңдап алсак ырас болоор…