00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
4-декабрь — “Манас” эпосунун күнү: Манасты жайылтуу аракеттери жетиштүүбү?
13:08
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Будущее отношений России и Центральной Азии: еще раз о переговорах Путина и лидеров ОДКБ
14:04
57 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Спорт и память о героях: что приносит Кыргызстану турнир «Кубок Победы»
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тургунбай Садыков 90 жашта: мурас, искусство жана улуу устаттын мектеби
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Судьба солдата»: как в КР возвращают имена бойцам, исчезнувшим в годы войны
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Улуттук спорт даңазаланат — эми жыл сайын “Улуттук спорт мыктылары” аныкталат
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ош: өрт чыгып эки кыз каза болгон жайдын ичинен көрүнүшү. Видео

Жазылуу
Sputnik агенттигинин кабарчысы Ош шаарында 1-январга караган түнү өрт чыгып, эки кыз каза болгон мейманкананын азыркы абалын видеого тартып алды.

Муну менен катар кабарчы шаардык милициядагы өздүк булактардан маалымат топтоду. Ага ылайык, кыздар жыл жаңырар түнү ал жерге түнөп калышкан.

Видеодо көрүнүп тургандай, өрт чыккан жай мейманкананын жер төлөсү болуп эсептелет. Кырсык болгон учурда аталган жайда кардарлар болгон эмес.

"Алдын ала маалыматтарга караганда, кыздар ичимдик ичип, чылым чегишкен. Алар уктап калганда тамекинин чогу жуурканга түшүп, түтөй баштаган. Кыздар күйүп эмес, түтүнгө ууланып каза болушкан", — деп айтып берген маалымат берген жак.

Пожар в здании церкви и в частной школе в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Аянттан жүрөгү кармады, каза болду, кырсыктады. Түндө Тез жардамга кимдер кайрылды
Ошондой эле кырсыктаган жерде кароолчу дагы болгону, бирок ал качып чыгууга жетишкен деген маалыматты кошумчалаган. 

Өрт тууралуу милицияга кабар 2019-жылдын 1-январында саат 7.30дар чамасында түшүп, Тез жардам унаасы жерине барганда кыздардын мурдараак каза тапканы белгилүү болгон.

Кабарчы мейманканага коңшу жашаган тургундар менен сүйлөшкөндө, атын атагысы келбеген аял ал жерде бир нече жылдан бери сойкукана иштейт деген пикирин айтты.

"Мейманкана жайгашкан Жим кѳчѳсүндѳгү №1 үйдө газ жок. Батирлер ижарага арзан берилет, ошол үчүн эле айласыздан жашап жүрөбүз. Болбосо аябай криминалдуу жер. Мас эркектер дайыма мушташа берет. Түнкүсүн үстүңкү кабаттарда кыздардын ар кандай үндөрү угулат. Мэрияга даттана албайбыз, анткени батирди ижарага алып жашайбыз, үй ээси эмеспиз", — деди ал.

Эске салсак,  1-январь күнү Ош шаарындагы Жим кѳчѳсүндѳгү №1 үйдө жайгашкан "Жетиген" мейманканасынын жер төлөсүндө өрт чыгып, 20 жана 27 жаштагы эки кыз каза болгон

Өрт өчүрүүчү унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда төрт өрт өчүрүү жана куткаруу бөлүгү курулат
Аталган Жим кѳчѳсүндѳгү №1 үйдүн жер тѳлѳсүндѳгү бул мейманкананын администраторлоруна карата ѳткѳн 2018-жылдын аралыгында эле "Сойкулук жасоо үчүн кѳмүскѳ жайды уюштуруу" беренеси менен алты ирет кылмыш иши козголуп, жаптырылган эле. Акыркы мезгилде мейманкана катары кызмат кѳрсѳтүп жаткан.

Буга чейин да ушул жайда кырсыктуу окуя болгон. 2018-жылдын 24-апрелге караган түнү саат 01.00дөр чамасында  Жим көчөсүндөгү ушул эле 12 кабат үйдөн өрт чыккан. Андагы өрт 5-кабаттагы №22 жана №23 батирлерде башталганы айтылган. Анын кесепетинен алты киши жабыркап, ооруканага жеткирилген. Өрттөн качкандардын экөө терезеден кулап кеткен. Алардын бири эркек киши, экинчиси 25-30 жаштагы аял экени белгилүү болгон. Кийин ал аял алган жараатынан каза тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0