Ошто өрт учурунда 5-кабаттан кулаган аял каза болду

Жазылуу
Маркумдун мээсине кан куюлуп, ага операция жасалган.

ОШ, 27-апр. — Sputnik. Ош шаарынын Жим көчөсүндөгү 12 кабат үйдөн чыккан өрт учурунда 5-кабаттан  кулаган аял ооруканада 27-апрелге караган түнү каза болду. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, бейтаптын аты-жөнү такталбай, 26-апрель күнү милиция анын жакындарын табуу үчүн коомчулукка кайрылган.

"Териштирүү иштеринин натыйжасында кулаган аялдын 1990-жылы туулганы, Алай районунун тургуну экендиги маалым болду. Учурда сөөктү туугандарына өткөрүп берүү боюнча Ош ШИИБдин кызматкерлери иштеп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 23-апрелге караган түнү калаанын Ош районундагы көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 5-кабаттан бир жигит жана кыз жерге секирген. Кырсыктын кесепетинен жалпы 6 адам облустук ооруканага кайрылган.

Маркумдун мээсине кан куюлуп, ага операция жасалган. Ал эсине кома абалында оорукананын жандандыруу бөлүмүндө болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0