БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. КР маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын Facebook баракчасына жазды.
"Жаңы мүмкүнчүлүктөр менен идеялар үчүн ордумду бошотууга мезгил келип жетти. Бардык тармакта кызматташууга ачыкмын", — деп жазды ал.
Темирбекова кайрылуусунда чогуу иштешкен бардык тараптарга ыраазычылыгын билдирген.
Айнура Темирбекова 2013-жылы 28-августта маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болгон. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарын уюштурууга активдүү катышкан.