00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Война в XXI веке: военный журналист - о дронах, пропаганде и новой логике конфликтов
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Админстративдик аймактык реформанын экинчи этабы: КРда эмне үчүн округдар түзүлүшү керек?
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Кто и почему переписывает историю Великой Отечественной войны?
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Камсыздандыруу компанияларынын кирешеси 1,7 эсеге өстү: камсыздандыруу тармагында эмне өзгөрдү?
11:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жол фондунун каражатынын 10 пайызы кайда жумшалат — Жогорку Кеңеш мыйзамды кабыл алды
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
”Үй-бүлөгө көмөк” жана башка жөлөк пулдар: жаңы талаптар
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Келечекте банктар жоюлабы? Web 3.0 дүн экономикадагы орду
17:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
”Үй-бүлөгө көмөк” жана башка жөлөк пулдар: жаңы талаптар
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Оорулуу баласына чогулткан акчасын уурдаткан эне көз жумду. 8 жашар Акылдын баяны

Жазылуу
2016-жылы Sputnik Кыргызстан агенттигине боор илдетинен жабыркаган алты жашар Акылбек тууралуу видеосюжет чыккан. Анда апасы Дилара Чимчикеева уулунун боорун алмаштырууга акча чогултуп жатканын айтып, коомчулукка жардам сурап кайрылган.

Эки ай мурун баланын апасы бул дүйнө менен күтүүсүз кош айтышып, оорукчан жеткинчек жетим калды. Анын дарты жеңил эмес, бирок дарыгерлер каражаттын күчү менен жеңсе болорун айтышкан. Акылбектин тагдыры тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кайрадан видеосюжет тартуулайт.

Оору менен алышкан баланын дарылануусуна беш жылдан бери көмөк көрсөтүп келаткан "Руки добра" коомдук фондусунун жетекчиси Алена Конорева бала азыр оор абалда экенин, ал дайыма дарыгердин көзөмөлүндө болушу керектигин айтып берди.

"Акылбекке беш жылдан бери жардам берип келе жатабыз. Апасы экөөнү ыктыярчылар Жал кичирайонунан табышкан. Ал кезде баланын абалы өтө оор болчу. Ичи кош бойлуу келиндикиндей чоң, шишик баскан. Тамак да жечү эмес, алсыз эле. Боору жарабай калды деп айтышкан. Бирок ортодон Галина Гавришова деген жакшы дарыгерге жолугуп калып, ар кайсы жактан дары алып келип берип, жарым жылдан кийин жакшы жыйынтыкка жеттик", — деди Конорева.

Фонд жетекчисинин айтымында, баланын боорун алмаштыруунун кажети жок, болгону аны өз убагында дарылап туруу керек.

Үч баланын энеси, көзү азиз Чынара: кезегим келген менен үй ала албай жүрөм - Sputnik Кыргызстан
Үч баланын энеси, көзү азиз Чынара: кезегим келген менен үй ала албай жүрөм
"Чоңойгон сайын баланын организми да өзгөрөт, ошондуктан боорду дарылап туруу зарыл. Бирок ага көп каражат кетет. Апасынын тапкан-тергени бүт уулунун дарылануусуна кетчү. Ушул жылдын апрель айында акчасы жок дарыларын бере албай калыптыр, аны бизге айткан эмес. Апасынын өлүмү кошул-ташыл болуп, азыр баланын абалы бир аз начар. Бирок колдон келген жардамды көрсөтүп жатабыз", — деди Конорева.

8 жашар Акылбек азыр таежелеринин колунда, апасы каза болгондо аны Жалал-Абадга алып кетишкен. Ал эми 19 жаштагы агасы анын дарылануусуна акча чогултам деп Россияга кеткен. Дилара Чимчикееванын сиңдиси Чынара Аталиеванын айтымында, эжеси уулуна чогултуп жүргөн акчасын уурдатып жибергенден көп өтпөй кан басымы көтөрүлүп бул дүйнө менен кош айтышкан.

"Кошуналарынын айтуусунда эжем каза болоордон бир жарым жума мурун үйгө ууру кириптир. Чогултуп жүргөн акчасы бар окшойт, сыягы. Анысын уулдары билбейт экен, бизге деле айткан эмес. Өзү эле ичинен ойлонуп, санааркап жүрүп кан басымы көтөрүлүп кетип жыгылып, ошону менен турбай калыптыр", — деди маркумдун сиңдиси.

Детская больница Ла-Маскота в Манагуа - Sputnik Кыргызстан
Дарыга акча таппай акка моюн сунгандар. Ракты жеңүү Кыргызстанда кыйын жана кымбатпы?
Дилара Чимчикеева эки уулу менен Бишкек шаарынын Кызыл-Аскер районунда батирде турчу. Баласынын оорусуна байланыштуу эч жерде иштечү эмес. Кошуналары, батиринин кожойкеси менен барып сүйлөшкөнүбүздө чындап эле үйүнө анын өлүмүнөн бир жума мурун ууру киргенин айтышты. Бирок алар маркум канча сом уурдатканын так билбейбиз дейт. Оорукчан баланын атасы тууралуу маалыматтар жок, туугандарынын билдирүүсүндө жубайлар балдары кичине кезде эле ажырашып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0