Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Текебаев ашыкча салмактан улам ооруканадабы

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция лидера фракции "Ата Мекен" Омурбека Текебаева
Пресс-конференция лидера фракции Ата Мекен Омурбека Текебаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-президенттин кол тийбестигин алууну 100 депутат колдосо, экөө каршы чыкты.

Жогорку Кеңештин бейшемби күнкү жыйыны абдан кызуу өттү. Депутаттар экс-президенттин кол тийбестигин алуу маселесин биринчи окууда колдоого алды. "Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорунда 12-беренени толугу менен алып салуу сунушталган.

Бакиевдердин учурунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн мамлекеттик ишмер Медет Садыркулов көзү тирүү болгондо быйыл 65ке чыкамак. Тактап айтканда, ал 13-декабрда туулган күнүн белгилемек. Садыркулов тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз

© Фото / из семейного архива СадыркуловыхЭкс-глава президентской администрации Медет Садыркулов
Экс-глава президентской администрации Медет Садыркулов - Sputnik Кыргызстан
Экс-глава президентской администрации Медет Садыркулов

Россияда жашырынып, каттоого турбай жүргөн кыргызстандыктардын саны азайды. "Миграциялык мунапыс" кампаниясынын алкагында көмүскөдө жүргөн 100 миңден ашык КР жараны документин тууралап, Россиянын аймагында мыйзамдуу жүрүүгө укук алды. Ошондой эле миграциялык мунапыстын алкагында Кыргызстандын 5 488 жараны "кара тизмеден" чыгарылган.

Конституциянын атасы аталган Өмүрбек Текебаев камактан ооруканага которулду. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын ырасташынча, экс-депутаттын саламаттыгы начарлап кеткен. Дарыгерлердин койгон диагнозунун арасында ашыкча салмак дагы бар.

Биз спортчу десе эле бука моюн буура сан улан-кыздарды элестетибиз. Аларды дайыма спорттук кийимчен, жарышка, мелдешке катышып жаткан учурун гана көрөбүз. Костюм-шым, жайкалган көйнөк кийип жүргөнүн чанда гана көзүбүз чалып калат. Мына эми ошол спортчулардын айрымдары быйыл баш кошуп, үй-бүлө курушту. Кыргызстандын мыкты спортчуларынын чыкыйган сүрөттөрү

Сиз машинанын капотун ачып эмнеси кайсы жерде жайгашканын адашпай айтып бере аласызбы? Эгерде бир кыз келип эле автоунааңыздын бузулган жерлерин санап берсе, кандай абалда каласыз? Анда эмесе, журналист Айсулуу Асанбекованын видеосун көрүңүз

© Sputnik / Эмиль Садыров , "Замана" таңкы берүүсүАвтоунаанын тетиктерин такылдап айтып берген кыз. КТРК кабарчысы жөнүндө видео
Автоунаанын тетиктерин такылдап айтып берген кыз. КТРК кабарчысы жөнүндө видео - Sputnik Кыргызстан
Автоунаанын тетиктерин такылдап айтып берген кыз. КТРК кабарчысы жөнүндө видео

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.76 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.00 сом, ал эми дизель майы 46.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Баштаган ар бир ишибизди ийгилик коштосун деп Мирбек Сакенов.

Жаңылыктар түрмөгү
0