Министрдин орун басары кайсы тендер үчүн пара алган? Чоо-жайы

© Sputnik / Михаил Кутузов / Медиабанкка өтүүЧөнтөккө акча салып жаткан адам. Архив
Чөнтөккө акча салып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол куруу боюнча тендерге катышууга 17 компания табыштама жиберип, натыйжада италиялык Todini Costruzioni Generali Company ишканасы менен келишим түзүлгөн.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. УКМК транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев тендерде чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашып, анын 50 миңин алып жаткан жеринен кармалды. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги көп суммадагы пара берүүнү шарттаган тендер тууралуу маалымат таап чыкты.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Транспорт министри Калилов кармалган орун басары тууралуу үн катты
УКМКнын билдиришинче, тендерден уткан компания "Кошулган жолдор, 1 жана 3 ЦАРЭС коридору, Эпкин-Дыйкан аймагы (Башкууганды 89,5-159,2 чакырымдары)" долбоору боюнча жол куруу жана реабилитациялык иштерди жүргүзмөк. Башкача айтканда, 69,7 чакырым жол курмак.

Транспорт жана жолдор министрлигинин сайтына ушул жылдын 21-сентябрында аталган тендердин жыйынтыгы жарыяланган.

Анда министрлик 2017-жылдын 7-июлунда жол курууга ниеттенген команияларды чакырганы көрсөтүлөт. Ага 17 компания табыштама жиберген. Бирок анын ичинен 11 компания тиешелүү талаптарга жооп бербегендиктен тендерге катышуусуна уруксат берилген эмес.

Калган алты компания катышууга укук алып, төмөндөгүдөй акча сунуштаган:

1. China Civil Engineering Construction Corporation, Кытай — 64 миллион 183 миң доллар;

2. ЖЧК АBK — Аvtodor NS, Казакстан — 62, миллион 202 миң доллар;

3. Azvirt Limited Liability Company, Азербайджан — 38 миллион 951 миң доллар;

4. China Railway No.5 Engineering Group, Кытай — 55 миллион 790 миң доллар;

5. Todini Costruzioni Generali Company, Италия — 40 миллион 751 миң доллар.

6. China State Construction Engineering Corporation Limited, Кытай — 50 миллион 500 миң доллар.

Натыйжада сунуш берген компаниялар техникалык жана финансылык жактан каралып, эң аз сумма сунуштаган (38 миллион 951 миң доллар) азербайжандык Azvirt Limited Liability Company ишканасы жеңип чыккан. Бирок макулдашууга келгенде аталган компания тендердик табыштаманын мөөнөтүн узартуудан жана келишимге кол коюудан баш тарткан.

Транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиев - Sputnik Кыргызстан
520 миң доллар пара алам деп кармалган Азимкан Жусубалиевдин эмне байлыгы бар
Буга байланыштуу 2018-жылдын 7-сентябрында 40 миллион 751 миң доллар сунуштаган италиялык Todini Costruzioni Generali Company ишканасы менен келишим түзүлгөн. Келишимдин мөөнөтү үч жылга деп бекитилген.

Сөз болуп жаткан объект — Түндүк — Түштүк альтернативдик унаа жолунун бир бөлүгү. Ал Нарын облусунун Жумгал районунда жайгашкан. Бул туурасында район акими Адыл Сапаров билдирди. 

Анын айтымында, салына турган жол Башкууганды (мурунку Дыйкан) айылынан башталып, аягы Ак-Учук (мурунку Эпкин) айылынан бүтөт. Жалпы узундугу 69,7 чакырым түзөт. Тендерден уткан компания жаздан тарта куруу иштерин баштамак.

Белгилей кетсек, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы министрдин орун басары Азимкан Жусубалиевди 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Ал чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашканы айтылат. Буга чейин 120 миң долларын алган, калганы кийинки жумада колуна тиймек.

Жаңылыктар түрмөгү
0