БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Россиянын Москва облусунун Руза районундагы Щелковка айылына LG компаниясына иштейбиз деп келип, алданып калган 20 кыргызстандык тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги үн катты.
Ага ылайык, кыргызстандыктарды Россияга Бишкектеги "Гавхар" компаниясы жөнөткөн.
Элчиликтин өкүлдөрү 2-декабрда алданып калган кыргызстандыктар менен жолугугуп, кабар алган. Жолугушуунун жыйынтыгында КР жарандарын Россияга ишке жиберген "Гавхар" компаниясына карата чара көрүлсүн деген чечим кабыл алынган.
3-декабрда элчиликтин кызматкелери ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү болуп кыргызстандыктар менен жолуккан. Бүгүнкү күнү аталган факты боюнча чогултулган бардык документтер КРдин тийиштүү органдарынын текшерүүсү үчүн Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлгөн.