Аймактагы жаштардын ишкерлик тууралуу идеялары колдоого алынат

© Sputnik / Табылды КадырбековКруглый стол о борьбе с коррупцией в вузах Кыргызстана
Круглый стол о борьбе с коррупцией в вузах Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Социалдык ишкердик" программасы боюнча 40 киши окутуудан өтүп, билим алгандар Кочкордо жана Нарын шаарында өз ишин ийгиликтүү баштады.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Бишкекте аймактагы жаштардын бизнес идеясын колдогон "Демилгелүү жаштар" долбоорунун форуму болуп өттү.

Анда белгилүү ишкерлер иштин көзүн табуу жана бизнес план түзүү менен маркетингди өздөштүрүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү.

"Демилгелүү жаштар" долбоорунун жетекчиси Алия Буркитованын айтымында, долбоордун максаты — жаш ишкерлерге жумушту эмнеден баштоо керектигин жана план түзүүнүн жолдорун үйрөтүү.

"Бул багытта "Социалдык ишкердик" деген программабыз бар, ал жакка 28 жашка чейинкилер тартылат. Биздин жаштарда идеялар абдан көп, бирок билими жана маалыматы аз болгондуктан аны кантип ишке ашырууну билишпейт. Айрымдары тобокелдикке салып ишин баштап, орто жолго келгенде оңунан чыкпай калат. Биз ушундай күтүлбөгөн жагдайлардын аз чыгышы үчүн эмне кылуу керектигин окутабыз", — деди ал.

Центральный городской сквер Нарына - Sputnik Кыргызстан
Европага жеткен шырдак, топоздун эти. Нарындыктар дагы эмнеси менен мактанат
Буркитова ошондой эле "Социалдык ишкердик" программасы боюнча 40 киши окутуудан өткөнүн айтып, билим алгандар өздөрү жашаган Кочкор менен Нарын шаарында ишин ийгиликтүү баштап иштеп жатканын айтты. Кочкорго тигүү цехи ачылса, Нарын шаарында кондитердик цех иштеп жатат.

"Долбоордун биринчи этабында Нарын шаары, Кочкор жана Жалал-Абаддын Сузак району камтылды. Кийинки жылы экинчи этабы Базар-Коргон менен Бишкектин Свердлов райондорунда ишке ашат", — деди Буркитова.

Ал ошондой эле аталган долбоордун алкагында ишин баштагандарга акчалай эмес, керектүү техникалык жабдыктар сатып берилерин кошумчалап, долбоорду тандаганда анын туруктуулугу жана ишке аша турчу аймакка тийгизген пайдасы эске алынарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0