00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги транспорттук-логистикалык интеграция кандай абалда — транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, санариптештирүү
11:08
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Баткенде "Айгүл гүлү" эл аралык фестивалы өтөт. Иш-чараны дүйнөлүк деңгээлдеги брендге айлантуу мүмкүнбү?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Безопасная весна: Джумадиль Ширалиев об усилении патрулей в парках и зонах отдыха Бишкека
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
АКШнын согушу – шайтандын согушу: Жакынкы Чыгыштагы абал кандай?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Климакс без паники: ответы гинеколога на главные вопросы о гормональной перестройке организма
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
7 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

29-ноябрда өзгөчө поэзия кечеси өтүп, "Тагдыр каармандары" келет

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Кыргызской национальной филармонии им. Т. Сатылганова
Здание Кыргызской национальной филармонии им. Т. Сатылганова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кече 2018-жылдын 29-ноябрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында өтөт.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстанга таанымал акын, жазуучу Мусакун Сатыбалдиевдин, акындар Жумакан Жаркулованын, Сапарбек Муратовдун, Темирлан Ормуковдун жана Гүлбарчын Исаеванын "Тагдыр каармандары" деп аталган поэзия кечеси өтөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Иш-чара 3-декабрь — Майыптардын эл аралык күнүн утурлай өтмөкчү.

Китептер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Касымалы Жантөшевдин "Каныбек" романы тууралуу жети факты
Мусакун Сатыбалдиевдин 1975-жылдан тарта жазган ырлары, аңгемелери, эсселери, новеллалары жергиликтүү, республикалык гезит-журналдарга, "Тоо булагы", "Көктөм", "Учкун" жана Москвадан чыгуучу "Истоки" деп аталган адабий альманахтарга такай басылып турган.

Анын айрым чыгармалары англис, моңгол, орус, кытай, казак тилдеринде жарыяланган. Сатыбалдиев 1996-жылдан бери Кыргызстандын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жумакан Жаркулованын "Жайлоолор мени чакырат" аттуу китеби жарык көргөн. 2011-жылдан тартып коомдук иштерге активдүү аралашып, 2013-жылы "Асыл-Ай" мүмкүнчүлүгү чектелгендердин коомдук уюмун негиздеген. Жаркуловага майып инсандардын билим деңгээлин жогорулатууда ийгиликтерди жараткандыгы үчүн бир нече сыйлыктар ыйгарылган.

Сапарбек Муратовдун кесиби — радио-монтаждоочу, чыгармачылык менен алектенип "Кулунумун Куртканын" аттуу поэтикалык китебин чыгарган. Бишкек шаарындагы ЭВМ жана Ленин атындагы заводдордо эмгектенген. 1996-1998-жылдары "Асаба" гезитинде штаттан сырткаркы кабарчы болгон. И.Арабаев атындагы КМУнун журналистика факультетинин сырттан окуу бөлүмүн аяктаган. 2011-жылы майыптардын "Талант сыры" деген коомдук бирикмесин уюштуруп, учурда аны жетектөө менен таланттуу майыптардын башын бириктирип келет. Алардын чыгармаларын окурмандардын калың катмарына жеткирүү багытында көптөгөн иштерди жүргүзүүдө.

Литературно-сатирический вечер, посвященный 100-летию поэта, драматурга и сатирика Мидина Алыбаева - Sputnik Кыргызстан
Мидин Алыбаев тууралуу кызыктуу 10 факты. 42 жаш, сейрек талант, "таш коргон"
Өзгөчө жөндөмгө ээ Гүлбарчын Исаева комуз чертет, ырдайт, шырдак шырыйт, кийизден сувенир жасайт. Ал Нарын облусунун Казан-Куйган айылында төрөлүп, чоңойгон. Анын кыялы — чоң сахнага чыгып комуз чертип ырдоо. Исаева 2013-жылы "Чексиз мүмкүнчүлүк дүйнөсү" сынагына катышкан. Бул анын андан аркы жашоосуна абдан позитивдүү таасирин тийгизген. Сынакка катышуу менен өзүнө күч-кубат алган, алдына жаңы максаттарды коюп, ага умтула баштайт.

"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусу чыгармачыл акындардын ыр кечелерин өткөрүүнү салтка айлантып, буга чейин бир канча ыр майрамын уюштурган.

Жаңылыктар түрмөгү
0