00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жолдо калган журналисттер, 62 млн. сомдук мектептеги жарака. Окуянын чоо-жайы

Жазылуу
Мамкурулуштун кызматкерлери жаңы ачылган мектептин кемчиликтерин байкап калган журналисттерге кыр көрсөткөн. Алар ЖМКдан эмнени жашырууга аракет кылышкан? Sputnik Кыргызстан агенттиги жагдайдын чоо-жайын билүүгө белсенди.
Капиталдык курулуш башкармалыгынын Ош облусу боюнча жетекчиси Марклен Медетов ара жолдо калган журналисттер боюнча комментарий берди

Шаршемби күнү Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ош облусундагы Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылына курулган мектепти тааныштыруу үчүн журналисттерди алып барган. ЖМК өкүлдөрү ал имараттын дубалдарында жарака кеткенин байкап калышкан. Агенттиктин маалымат катчысы Айсулуу Исабекова менен Ош облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын адиси Арсланбек Шамырбеков ал тууралуу маалыматты жарыялоого каршы болгон. Ортодо пикир келишпестик жаралып, бараткан маршруткадан журналисттерди түшүрүп салышкан.

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев мектеп катары пайдаланууга берген Нарындагы Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылындагы жеке имараты - Sputnik Кыргызстан
Депутат Жолдошбаев мектепке имарат берип, бийликке бир шарт койду. Чоо-жайы
Аталган мектептин курулушу 2009-жылы башталып, 62 миллион 219 миң сом сарпталган. Сентябрь айында ачылышы болуп, ага вице-премьер Алтынай Өмүрбекова катышкан. Анда дагы катарга тизилип турган башталгыч класстын окуучулары бийлик өкүлдөрүн эстери оогончо күткөнү айтылып, соцтармактын сынына кабылган. Мамкурулуш журналисттерди дал ошол мектеп менен кайрадан тааныштырууга алып барган.

Журналист Жусупбек Кошмат уулу башында мэриянын маалымат кызматы журналисттерди Ош облусу менен шаардын башкы план боюнча түшкөн имараттарын адистер текшерет деп чакырышканын айтат. Бирок андай болбой Капиталдык курулуш башкармалыгы курган имараттарды тааныштырууга алып кеткен.

"Мектепке киргенде эле коридордун 7-8 жеринен чоң жарака көрүндү. Класстарга кирсек жылуулугу иштебейт экен, окуучулар курткачан отурат. От казандарын карап жатсак Мамкурулуштун маалымат катчысы Айсулуу Исабекова "эмнеге анчалык текшересиңер?" деп пикир келишпестик жаралды. Кайтканда биз маршрутка менен, алар башка машинада кеткен. Бир чакырымдай жүргөндөн кийин токтотту. Аларга болгонун болгондой тартканыбызды айтсак, "анда өзүңөрдүн унааңар менен келбейсиңерби" деп түшүрүп салды. Үч журналист, эки оператор болуп жолдо калдык. Кайра 20 мүнөттөн кийин кайтып келгенде чыкпай койдук. Өзүбүздүн унааны чакырып койгонбуз", — деди ал.

Ал эми маалымат катчы Айсулуу Исабекова журналисттердин маанайы агрессивдүү болгонун белгилеп, кемчиликке эле басым жасай бербей, жакшы жактарын да карагыла деп кайрылганын айтууда.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын Ош облусу боюнча жетекчиси Марклен Медетов маалымат катчы Исабекова да түзүлгөн жагдайдан кабары жок болгондуктан мектептин жаракаларын кемчилик деп ойлоп алганын айтып, жетектөөчү адиске чара колдонууну ойлонуп жатканын билдирди.

Депутат ЖК шестого созыва Канатбек Исаев - Sputnik Кыргызстан
Депутат мектеп курулушунан кантип 5 млн. сом үнөмдөсө болорун айтты
"Маалымат катчы билбегени үчүн ушундай аракет жасап койду окшойт. Бул жерде бири-бирин түшүнбөй калышыптыр. Ортодо дагы бир бала жүрбөйбү. Аны мен тааныбайм, айдоочубу же башка эле кишиби, билбей калдым. Ал эми жетектөөчү адис Арсланбек Шамырбековго чара колдонуу маселесин коллективде көтөрөбүз. Эми кызматтан алынбаса да сөгүш берилет деп ойлойм. Бул объект толугу менен бүтө элек. Биз журналисттерди курулуп жаткан мамлекеттик имараттар менен тааныштырганы алып барганбыз", — деди Медетов.

Деген менен ал журналисттерди таң калтырган имараттагы жаракалар эч коркунуч жаратпайт деп ишендирүүдө.

"Мектеп беш блоктон турат. Аны деформациялык бириктирүү жолу менен курушкан. Башкача айтканда, ар бир блоктун дубалы бөлүп-бөлүп тургузулган. Ошол уланган жерден беш сантиметрдей аралык бош калат да шыбак менен шыбалып жабылат. Мындай жаракалар боло берет. Эч кандай зыяны жок, кооптуулук жаратпайт. 2014-жылы окуу корпусу бүтүп пайдаланууга берилген, быйыл спорт залы курулуп бүттү", — деди ал.

Окуу жайды "Памир-Жол" курулуш кампаниясы курган. Анын директору Бакыт Камалов мектеп толугу менен бүтпөгөндүктөн мамлекетке тапшырып бере электигин билдирди.

Рабочий визит председателя Госдумы РФ С. Нарышкина в Киргизскую Республику - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбекова: окуучуларды кооптуу мектептерде да окутууга мажбурбуз
"Мектептин жаракасын интернеттен көрүп өзүм чочуп кеттим. Бул татаал курулуш болгон. Жер титирөө болгондо ажырап кетпеши үчүн өтө узун имараттарды бөлүп-бөлүп курат да. Анын ортосун жаап шыбаганда кемчилик кеткен. Силерге рахмат, биздин каталарыбызды таап көрсөтүп койдуңар. Азыр ошол жерлерди оңдоп жатабыз", — деди Камалов.

Кара-Суу районунун "Кызыл-Ордо" мектеби 320 окуучуга ылайыкташкан. Анын курулуш иштери башталганына быйыл тогуз жыл болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0