00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Аттан кулап ылайга булганган улакчылар. Көк бөрү чемпионатынан укмуш сүрөттөр

Жазылуу
Беш күнгө созулган Көк бөрү чемпионаты түрдүү кызыктар менен коштолду. Бүйүр кызыткан оюндарда тулпарын чаң ызгыта чуркатып, тай казанга улак кучактап ыргып, аты мүдүрүлүп кулаган учурлар кездешти.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги Sputnik Кыргызстанга өлкө чемпионатынан алынган ирмемдерди жиберди. Биз ошол укмуш сүрөттөрдү окурмандар менен бөлүшүүнү эп көрдүк.

Бүгүн Көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Оюндар Ош облусунун "Төлөйкөн" ат майданында өткөрүлүп, беш күнгө созулду. Анда өлкөнүн жети облусу жана Бишкек, Ош шаарларынан куралган 9 команда ат салышты.

Көк бөрү - Sputnik Кыргызстан
Кылымдын кыйырынан келген көк бөрү
Алардын ичинен Чүй менен Ысык-Көл облустары суурулуп чыгып финалда кез келишти. Анын натыйжасында Чүйдүн улакчылары атаандаштарын 5:1 эсебинде утуп чемпион аталды. Ал эми коло байге Талас облусуна буйруду.

Финалдык оюн баштааларда ат майданга президент Сооронбай Жээнбеков келип көк бөрүчүлөрдү куттуктап кеткен.

Сыйлыктарды Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, калаа мэри Таалай Сарыбашев, Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов жана Эльдар Айтматов тапшырды.

Белгилей кетсек, мелдештер залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган.

Байгелер төмөндөгүдөй бөлүндү:

Биринчи орун — Чүй облусу, 500 миң сом;

Экинчи орун — Ысык-Көл облусу, 250 миң сом;

Үчүнчү орун — Талас облусу, 100 миң сом;

Төртүнчү орун — Ош облусу, 80 миң сом;

Мыкты улакчы — Чүй командасынан Кубаныч Султан уулу, 10 миң сом;

Мыкты аргымак — Ысык-Көл командасынан "Золотой", 10 миң сом;

© пресс-служба ГАМФКиСКөк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты соңку жылдары өткөрүлбөй калган болчу. Быйыл Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулду.
Чемпионат КР по кок-бору в Оше - Sputnik Кыргызстан
1/15
Көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты соңку жылдары өткөрүлбөй калган болчу. Быйыл Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулду.
© пресс-служба ГАМФКиСМелдештер Ош облусунун "Төлөйкөн" ат майданында өткөрүлдү. Алгачкы беттеш 29-ноябрда башталып, финалдык оюн бүгүн, 3-ноябрда болду.
Чемпионат КР по кок-бору в Оше - Sputnik Кыргызстан
2/15
Мелдештер Ош облусунун "Төлөйкөн" ат майданында өткөрүлдү. Алгачкы беттеш 29-ноябрда башталып, финалдык оюн бүгүн, 3-ноябрда болду.
© пресс-служба ГАМФКиСЭрегишкен эрендер кармаган улагын коё бербей аттан кулап калганча аракет кылып жатты.
Чемпионат КР по кок-бору в Оше - Sputnik Кыргызстан
3/15
Эрегишкен эрендер кармаган улагын коё бербей аттан кулап калганча аракет кылып жатты.
© пресс-служба ГАМФКиСЧемпионатта өлкөнүн жети облусу жана Бишкек, Ош шаарларынан куралган 9 команда ат салышты.
Чемпионат КР по кок-бору в Оше - Sputnik Кыргызстан
4/15
Чемпионатта өлкөнүн жети облусу жана Бишкек, Ош шаарларынан куралган 9 команда ат салышты.
© пресс-служба ГАМФКиСАдаттагыдай эле улак менен кошо тай казанга ыргыгандар да болду. Негизи көк бөрүнүн мыкты аттары канча ылдамдык менен чуркабасын тай казанга жетери менен шарт токтойт.
Чемпионат КР по кок-бору в Оше - Sputnik Кыргызстан
5/15
Адаттагыдай эле улак менен кошо тай казанга ыргыгандар да болду. Негизи көк бөрүнүн мыкты аттары канча ылдамдык менен чуркабасын тай казанга жетери менен шарт токтойт.
© пресс-служба ГАМФКиСБаш байге ээлери 500 миң сом акчалай сыйлык жана диплом, медалдар менен сыйланды.
Чемпионат КР по кок-бору в Оше - Sputnik Кыргызстан
6/15
Баш байге ээлери 500 миң сом акчалай сыйлык жана диплом, медалдар менен сыйланды.
© пресс-служба ГАМФКиСТай казандын тегерек четинде болгон тирешүүдө Чүй облусунун командасынын аргымагы жыгылып чабандеси туруп кетүүгө үлгүрдү.
Чемпионат КР по кок-бору в Оше - Sputnik Кыргызстан
7/15
Тай казандын тегерек четинде болгон тирешүүдө Чүй облусунун командасынын аргымагы жыгылып чабандеси туруп кетүүгө үлгүрдү.
© пресс-служба ГАМФКиСАтаандаштарына жеткирбей озуп кеткен улакчынын командасы дагы бир упайды камсыздоо алдында турат. Аттын турганын караңызчы, ээсине абдан сонун мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө.
Чемпионат КР по кок-бору в Оше - Sputnik Кыргызстан
8/15
Атаандаштарына жеткирбей озуп кеткен улакчынын командасы дагы бир упайды камсыздоо алдында турат. Аттын турганын караңызчы, ээсине абдан сонун мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө.
© пресс-служба ГАМФКиСКаршылаштарынын айласын кетирип, айланып өтүп тай казанга ыргытып жаткандагы көрүнүш.
Чемпионат КР по кок-бору в Оше - Sputnik Кыргызстан
9/15
Каршылаштарынын айласын кетирип, айланып өтүп тай казанга ыргытып жаткандагы көрүнүш.
© пресс-служба ГАМФКиСФиналдык оюндар башталганда жамгыр жаап жер ылай болуп калды. Ага карабай эрендердин эр оюну өз убактысынан кечикпей башталды.
Чемпионат КР по кок-бору в Оше - Sputnik Кыргызстан
10/15
Финалдык оюндар башталганда жамгыр жаап жер ылай болуп калды. Ага карабай эрендердин эр оюну өз убактысынан кечикпей башталды.
© пресс-служба ГАМФКиСКокусунан аттан кулап кеткен учур да кездешти. Бирок бактыга жараша эч ким оор жаракат алган жок.
Чемпионат КР по кок-бору в Оше - Sputnik Кыргызстан
11/15
Кокусунан аттан кулап кеткен учур да кездешти. Бирок бактыга жараша эч ким оор жаракат алган жок.
© пресс-служба ГАМФКиСКөк бөрү өтө экстрималдуу оюн болуп саналат. Ага карабай көк бөрү тартам деген кыргызстандыктардын саны арбын.
Чемпионат КР по кок-бору в Оше - Sputnik Кыргызстан
12/15
Көк бөрү өтө экстрималдуу оюн болуп саналат. Ага карабай көк бөрү тартам деген кыргызстандыктардын саны арбын.
© пресс-служба ГАМФКиСКүн суук болуп жатканына карабай финалдык беттешти көрүүгө келгендердин саны көп болду.
Чемпионат КР по кок-бору в Оше - Sputnik Кыргызстан
13/15
Күн суук болуп жатканына карабай финалдык беттешти көрүүгө келгендердин саны көп болду.
© пресс-служба ГАМФКиСЭкинчи орунду алган Ысык-Көл командасына 250 миң, үчүнчү орунду ээлеген Талас облусуна 100 миң сом ыйгарылды. Ал эми үй ээлери болгон Ош облусу төртүнчү орунга илинип 80 миң сом алды.
Чемпионат КР по кок-бору в Оше - Sputnik Кыргызстан
14/15
Экинчи орунду алган Ысык-Көл командасына 250 миң, үчүнчү орунду ээлеген Талас облусуна 100 миң сом ыйгарылды. Ал эми үй ээлери болгон Ош облусу төртүнчү орунга илинип 80 миң сом алды.
© пресс-служба ГАМФКиСОрунга илинбей калган беш командага 50 миң сомдон ыйгарылды.
Чемпионат КР по кок-бору в Оше - Sputnik Кыргызстан
15/15
Орунга илинбей калган беш командага 50 миң сомдон ыйгарылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0