Стамбулда Esmod International Fashion Show мода көргөзмөсү учурунда подиумга күтүүсүздөн чыккан мышык көпчүлүктү күлкүгө салды. Бул тууралуу NTV телеканалы билдирди.
Күтүлбөгөн окуянын видеосу YouTube сайтына жарыяланды.
Видеодо подиумга чыккан кыздар мышыкты басып албашы үчүн аны айланып өтүүгө аргасыз болушканын көрүүгө болот. Бир аздан кийин жерде жаткан мышык подиумдан басып, артынан келе жаткан кыздын этегин апчып алууга аракеттенген.
Жакында эле альпинист Войцех Ябчинский Польшадагы эң бийик делген Рысы тоосуна чыгып өзүнө-өзү ыраазы болуп турганда, андан да жогорураак жакта мышык отурганын көргөн. Видеосун материалдан караңыздар.