Дем алыш күндөргө карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровСтроительство домов в Бишкеке
Строительство домов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек менен Ошто 20-22-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Дем алыш күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен маалымдашты.

20-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир аймактарында, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Чүйдө түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13 градус жылуу болсо, Таласта абанын температурасы түнкүсүн —3…2, күндүз 5…10 градус болушу күтүлөт.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16 градус нөлдөн жогору.

Ысык-Көлдө түнкүсүн —4…+1, күндүз 4…9, Нарында түнкүсүн —4…-9, күндүз 3…8 градуска жетет.

Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда күн +20 градуска чейин жылыйт
21-октябрда Чүйдө түнкүсүн —1…+4, күндүз 11…16 градус, Таласта түнкүсүн —3…+2, күндүз 8…13 градус жылуу болору айтылды.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11 градус, Нарында түнкүсүн —5…-10, күндүз 4…9 градуска чамалап барат.

Бишкек менен Ошто 20-22-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0