00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Село Оттук и «Монументы Победы»: как восстанавливают памятники ВОВ в Кыргызстане
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ажылыктын талаптары кандай өзгөрдү — ажылыкка 6060 кыргызстандык барат
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Кто управляет вашим домом: как работают ТСЖ и что меняет новый законопроект КР
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы жана "Өчпөс полк" жүрүшү
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кто переписывает историю и зачем: разговор с историком Эсеном Усубалиевым
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Кыргызстандын туристтик рыногуна таасирин тийгизеби?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ноябрь суук болобу? Бир айга карата аба ырайы

Жазылуу
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болот.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги ноябрь айына карата аба ырайы божомолун таратты.

Билдирмеге караганда, абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болот.

Чүй облусу менен Кемин өрөөнү

Чүйдө 3…5, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө 0…2 градус жылуу болушу күтүлөт. Абанын эң жогорку температурасы айдын биринчи 10 күнүнө туура келет. Мында түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20 градус жылуу болот. Айдын экинчи жана үчүнчү он күнүндө түнкүсүн —3…-8 градус суук болуп, күндүз 0…5 градустан 7…12 градуска чейин жылуу болуп өзгөрүп турушу күтүлөт.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо айдын биринчи он күнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градус жылуу болот. Айдын экинчи жана үчүнчү 10 күнүндө түнкүсүн 0…-5 градус сууктан —7…-12 градуска чейин, абанын күндүзгү температурасы —2 градус сууктан 5…10 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, тоо этектериндеги райондордо арбын болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 40-49 мм, тоо этектеринде 23-37 мм).

Талас облусу

Бишкек ТЭЦи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күн катуу сууктаса Бишкек ТЭЦи 3 күн ичинде жылуулук бере алат
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 1…3 градус жылуу болот.

Айдын биринчи он күнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17 градус жылуу болору айтылды. Айдын экинчи жана үчүнчү он күнүндө түнкүсүн 0…-5 градустан —8…-13 градус суукка чейин, абанын күндүзгү температурасы —2…+3 градустан 5…10 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу божомолдонду.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (28-29 мм).

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 5…7, тоо этектериндеги райондордо 3…5 градус жылуу болот.

Айдын биринчи 10 күнүндө абанын эң жогорку температурасы түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23 градуска жетет. Айдын экинчи жана үчүнчү он күнүндө түнкүсүн —2…+3, күндүз 3…8 градус жылуулуктан 11…16 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.

Тоо этектериндеги райондордо айдын биринчи он күнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18 градус жылуу болушу күтүлөт. Айдын экинчи жана үчүнчү 10 күнүндө түнкүсүн —2…-7 градуска чейин төмөндөп, абанын күндүзгү температурасы 1…6 градус жылуулуктан 8…13 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турмакчы.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан арбын болушу ыктымал (өрөөндөрдө 26-57 мм, тоо этектериндеги райондордо 32-96 мм).

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 2…4, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында 0…2 градус жылуу болушу күтүлөт.

Айдын биринчи 10 күнүндө абанын эң жогору температурасы түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15 градуска жетет. Айдын экинчи жана үчүнчү 10 күнүндө абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн —3…-8, күндүз 3…8 градус жылуу болушу, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында абанын түнкүсүн —5…-10 градуска, күндүз 0…5 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (1-17 мм, чыгышында 24-46 мм).

Нарын облусу

Төө-Ашуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чүй милициясы Төө-Ашуу менен Боомдогу жолду күнү-түнү көзөмөлдөп жатат
Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, —1…-3, Ат-Башы районунда —3…-5 градус суук болот.

Айдын биринчи 10 күнүндө эң жогору температура түнкүсүн 0…-5, күндүз 10…15 градус болот. Айдын экинчи жана үчүнчү 10 күнүндө абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн —8…-13, күндүз 0…5 градус жылуу болот. Ат-Башы районунда түнкүсүн —10…-15, күндүз 0…-5 градуска чейин суук болот.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт (4-15 мм).

Алай өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска төмөндөп, —9…-11 градус суук болушу күтүлөт. Абанын температурасы айдын биринчи 10 күнүндө —3…-8 суук, күндүз 2…7 градус жылуу болот. Айдын экинчи жана үчүнчү 10 күнүндө абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн —15…-20, күндүз —3…-8 градус суук болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (21-23 мм).

Суусамыр өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, —6…-8 градус суук болот. Абанын температурасы айдын биринчи 10 күнүндө түнкүсүн —3…-8, күндүз 6…11 градус жылуу болору айтылды. Айдын экинчи жана үчүнчү 10 күнүндө абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн —15…-20, күндүз 0…5 градуска чамалап барат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болот (18-20 мм).

Жаңылыктар түрмөгү
0