Sputnik Кыргызстан агенттиги жашы 35ге чыга элек, бирок мамлекеттин жетекчилик кызматтарында иштегендерди тизмектеди.
1. Жаныбек Абиров, 30 жашта
Эки жогорку билими бар. Кыргыз-орус славян университетинин "Юриспруденция", Президенттин алдындагы башкаруу академиясынан "Мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу менеджементи" адистиги боюнча окуган.
2. Мирлан Парханов, 31 жашта
Мирлан Парханов 2016-жылдын ноябрь айынан бери Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары болуп эмгектенет. Ага чейин вице-премьердин жардамчысы, президенттин аппаратында референт, социалдык саясат бөлүмүндө эксперт, мындан сырткары, бир нече уюмдарда жетекчилик кызматтарды аркалаган.
В.С.Черномырдин атындагы Москва мамлекеттик ачык университетинде "Уюмдун менеджменти" адистигин бүткөн.
3. Чыңгыз Эсенгул уулу, 31 жашта
![Завотделом информационного обеспечения Аппарата правительства Эсенгул уулу Чынгыз Завотделом информационного обеспечения Аппарата правительства Эсенгул уулу Чынгыз - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103581/92/1035819280_0:0:1924:1280_600x0_80_0_0_1e5da443925eee8527200a246e94dad8.jpg)
Жусуп Баласагын атындагы КУУнун "Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит" адистигин бүтүргөн. Дипломатиялык академиядан "Эл аралык мамилелер" адистиги боюнча билим алган.
4. Эрнис Толтоев, 32 жашта
![Помощник президента КР Эрнист Толтоев Помощник президента КР Эрнист Толтоев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103653/35/1036533560_0:0:1476:2048_600x0_80_0_0_c47b9c3c490d2082bf552449daeff89e.jpg)
Ош мамлекеттик университетин Электроника жана микроэлектроника адистиги боюнча аяктаган.
5. Дастан Догоев, 32 жашта
![Председатель Государственной регистрационной службы Дастан Догоев Председатель Государственной регистрационной службы Дастан Догоев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103396/06/1033960639_0:0:3031:2023_600x0_80_0_0_392e20e8dcea384db8159beb22e26bcf.jpg)
Лондон Кавендиш колледжинде жана Кингстонск университетинде "Бизнести башкаруу" адистиги боюнча окуган.
6. Алтынбек Исмаилов, 32 жашта
![Директор парка высоких технологий Алтынбек Исмаилов Директор парка высоких технологий Алтынбек Исмаилов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104129/50/1041295095_0:0:6016:4016_600x0_80_0_0_082891bf69a757683e4a8a5f254a7713.jpg)
Өзү да ушул эле окуу жайда "Финансы, банк жана сандык экономика" адистигин бүткөн. Ал эми магистратураны Колумбия университетинен "Экономика жана саясий өнүгүү" адистиги боюнча магистратурадан окуп келген.
7. Азамат Жаманкулов, 32 жашта
![Глава Департамента туризма КР Азамат Жаманкулов Глава Департамента туризма КР Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103103/68/1031036878_0:0:6016:4016_600x0_80_0_0_a85bb73c1101630509de9731e0484499.jpg)
Эки жогорку билими бар. Кыргыз-түрк "Манас" университетинин "Уюштуруу менеджменти", Кыргызстан эл аралык университетинин "Финансы" адистигин аяктаган.
8. Лунара Мамытова, 33 жашта
![Депутат Лунара Мамытова Депутат Лунара Мамытова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102077/91/1020779192_0:0:4619:3077_600x0_80_0_0_d08d13d05bf950bab41cf909075d58cf.jpg)
Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетин, андан соң юридика факультетин бүтүргөн.
9. Элдар Алишеров, 33 жашта
Санкт-Петербург мамлекеттик университетинде "Экономика" боюнча окуп, президенттин алдындагы башкаруу академиясынан "Мамлекеттик жана муниципиалдык башкаруу" адистигине ээ болгон.
10. Нурбек Кадыров, 34 жашта
![Вице-мэр города Ош Нурбек Кадыров Вице-мэр города Ош Нурбек Кадыров - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103211/02/1032110217_0:0:1005:754_600x0_80_0_0_1fc940cd463b23d15fb37f5ea413cf43.jpg)
Ош мамлекеттик университетинен "Эл аралык мамилелер", Ош мамлекеттик юридикалык институтунан "Юриспруденция" адистигин бүткөн.