Толтоев Эрнис Мукашбекович — өмүр баяны

Жазылуу
Эрнис Толтоев Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Сеңир айылында 1986-жылы 15-декабрда төрөлгөн.

Билими:

2009 — Ош мамлекеттик университетин Электроника жана микроэлектроника адистиги боюнча аяктаган;

Эмгек жолу:

04.2009 – 06.2010 — Ош облустук мамлекеттик администрациясынын билим берүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмүндө алдыңкы адис;

05.2010 – 06.2010 — Ош мамлекеттик администрациясынын маалымат катчысы;

06.2010 – 03.2011 — Ош облустук мамлекеттик администрациясынын билим берүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмүндө алдыңкы адис;

03.2011 – 05.2012 — Ош облустук мамлекеттик администрациясынын өнөр-жай, курулуш, транспорт жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө алдыңкы, башкы адис;

05.2012 – 09.2012 — Ош облусунун губернаторунун жардамчысы;

09.2012 – 12.2013 — Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн жардамчысы;

12.2013 – 04.2016 — Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы;

04.2016 – 05.2016 — Ош шаардык кеңешинин депутаты;

05.2016 – 08.2017 — КР премьер-министринин жардамчысы;

08.2017 – 09.2017 — КР премьер-министрдин катчылыгында аналитикалык камсыздоо тобунда эксперт;

2017-жылдын 27-ноябрынан тарта КР президентинин жардамчысы.

Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы инспектору чини бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0