Теңтуштары оромпой тээп жүргөндө саясаттан ордун тапкан 9 адам

© Sputnik / Табылды КадырбековМероприятия, посвященные седьмой годовщине Апрельской революции 2010 года в Бишкеке
Мероприятия, посвященные седьмой годовщине Апрельской революции 2010 года в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан саясатчылардын өмүр баянына баш багып, кимиси 35 жашка чыга электе көзгө көрүнөрлүк ийгиликтерди багындырганын аныктады

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстанда 12-август жыл сайын жаштар күнү катары майрамдалып келет. 2009-жылы жаңыланган "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" мыйзам боюнча жаш деп 14 жаштан 28 жашка чейинки адамдар саналат. Мурда 35 жашка чейинкилер өздөрүн жаш деп эсептешчү.

Эгер саясатчылар жөнүндө айта турган болсок, азыркы мыйзам боюнча келечектен көптү үмүттөндүргөн саясатчылардын рейтингин түзүү мүмкүн болгон жок. Ошол себептүү мурдагы тартип менен 35 жашка чейин төбөсү көрүнүп калган саясатчыларды тизмектедик. Алар алфавиттик тартипте берилди.

1. Жанар Акаев, 30 жаш 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖанар Акаев, 30 жаш
Журналисты Кыргызстана в лицах - Sputnik Кыргызстан
Жанар Акаев, 30 жаш

Ош Мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү Жанар Акаев карьерасын журналистикадан баштаган. 28 жашка чейин бир катар ЖМКларда иштеп, сыйлыктарды алган Жанар президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы болуп дайындалган.

2015-жылы КСДП партиясынын катарында парламенттик шайлоого аттанган. Бирок анын партиялаштары менен көз карашы келишпей калгандыктан, учурда партиясыз депутат болуп жүргөн кези.

2. Дастан Бекешев, 33 жаш 

© Фото / пресс-служба ЖК КРДастан Бекешев, 33 жаш
Депутат шестого созыва ЖК Дастан Бекешев - Sputnik Кыргызстан
Дастан Бекешев, 33 жаш

Кесиби боюнча юрист Бекешев саясатка эрте аралашты. 26 жашында "Ар-Намыс" партиясынан Жогорку Кеңеш депутаты болуп келген. Бирок беш жылдан кийин ал дагы КСДП партиясынын катарына кошулду.

3. Дастан Догоев, 31 жаш 

© Sputnik / Табылды КадырбековДастан Догоев, 31 жаш
Председатель Государственной регистрационной службы Дастан Догоев  - Sputnik Кыргызстан
Дастан Догоев, 31 жаш

Учурдагы Мамкаттоо кызматынын жетекчиси өзүнүн алган билими менен мактанса болот. Ал Лондондогу Кавэндиш колледжин жана Кингстон университетин аяктаган. Демек, 31 жашында мындай чоң кызматты аркалап калышына таң калбай деле коелу.

4. Акылбек Жамангулов, 28 жаш 

© Фото / Атабек ЖамангуловАкылбек Жамангулов, 28 жаш
Депутат Жогорку Кенеша Акылбек Жамангулов - Sputnik Кыргызстан
Акылбек Жамангулов, 28 жаш

"Республика — Ата Журт" фракциясынын депутатынын үч жогорку билими бар. Эмгек жолун 17 жашында "Кок – Ойрок" деп аталган Балыкчы ликер заводунан башталган. Анын резюмесинде ошондой эле "Кыргыз айыл чарба азыктары корпорациясы", Эл аралык "Манас" аэропорту, жана "ZETH Cement" Кемин цемент заводу көрсөтүлгөн.

5. Музаффар Исаков, 35 жаш 

© Фото / пресс-служба ЖК КРМузаффар Исаков, 35 жаш
Депутат фракции СДПК Музаффар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Музаффар Исаков, 35 жаш

Эмгек жолун 19 жашында Таш-Булак айыл өкмөтүнүн жаштар комитетинин жетекчиси болуп баштаган. Сегиз жыл өткөндөн кийин айыл мектебинин директору болуп дайындалган. 2016-жылы айыл өкмөттүк кызматын депутаттык креслого алмаштырган.

6. Аида Касымалиева, 33 жаш 

© Sputnik / Табылды КадырбековАида Касымалиева, 33 жаш
Депутат Жогорку Кенеша от фракции СДПК Аида Касымалиева - Sputnik Кыргызстан
Аида Касымалиева, 33 жаш

Рейтингде дагы бир журналист. Касымалиева бир катар ЖМКларда иштеп, бир нече даректүү тасмаларды тартканга жетишкен. 2017-жылдын март айында КСДП депутаты Узарбек Жылкыбаев мандатынан баш тартары менен эл өкүлү кызматын аркалоо укугу Касымалиевага берилген.

7. Айсулуу Мамашова, 28 жаш

© Sputnik / Табылды КадырбековАйсулуу Мамашова, 28 жаш
Депутат ЖК Айсулуу Мамашова - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Мамашова, 28 жаш

Келечектеги депутат 17 жашында эле "Автоучкомбинат" ЖСКсынын башкы директору болуп дайындалган. 10 жылдан кийин "Ата Мекен" фракциясынын катарында Жогорку Кеңешке депутат болуп келди. Май айында кыздуу болгон эл өкүлү учурда декретте.

8. Ренат Самудинов, 31 жаш 

© Фото / Facebook / Renat SamudinovРенат Самудинов, 31 жаш
Лидер молодежного крыла СДПК Ренат Самудинов - Sputnik Кыргызстан
Ренат Самудинов, 31 жаш

Самудинов КСДП фракциясынын жаштар канатын 10 жылдан бери жетектеп келген. Ушул жылдын июль айында партиялаштары менен пикир келише албай калып, кызматынан четтетилген. Ал буга чейинки парламенттик эки шайлоолдо өз талапкерлигин койгон.

9. Жоомарт Сапарбаев, 32 жаш 

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖоомарт Сапарбаев, 32 жаш
Экс-депутат ЖК Жоомарт Сапарбаев  - Sputnik Кыргызстан
Жоомарт Сапарбаев, 32 жаш

Экс-депутаттын үч жогорку билими бар. Чет өлкөдөн алган билимин айтсак, АКШнын Миннесота штатында Мамлекеттик университетти аяктаган. 25 жашында парламенттин депутаты болгон. Экинчи жолу дагы депутат болуп шайланып, төрт айдан кийин "өз иштерим менен алектенем" деп кызматын тапшырып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0