Кайненесин төшөккө сүйрөп... Сентябрдагы криминалдык окуялар

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи поножовщины в КР
Случаи поножовщины в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул ирет чогуу жашаган келинди сабап өлтүргөн 25 жаштагы эргулдун, жалгыз жашаган аялды өлтүргөн жаран менен күйөө баласын бычактаган кайнененин кылмыштары тууралуу сөз кылабыз.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өткөн айдагы чуулгандуу соттук чечимдерди сунуштайт.

Өспүрүм кызды ийининен кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соттолгон өгөй ата "кыздарын" зордуктап келген. Августтагы криминалдык окуялар
Мыкаачы чоң муштум. Жаш түгөйлөр досунун үйүнө мейманга барып, арак ичип отуруп уруша кеткен. Алардын чырына келиндин ата-энеден бөлүнүп өзүнчө жашайлы деген сунушу себеп болгон. Ага чейинки бүлөсү менен ажырашкан 25 жаштагы жигит жарандык никеде жашаган келинди катуу сабаган. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, токмоктолгон келиндин сынган кабыргалары бооруна, өпкө-жүрөгүнө кирип, ал окуя болгон жерде жан берген. Сот чоң муштумду 18 жылга темир тор артында калтырды.

Аялы күрөк менен ургулап… 51 жаштагы үч баланын энеси короодо күйөөсү менен жаңжалдаша кетип, аны күрөк менен чаап өлтүрүп, короого көөмп салган. Кийин укук коргоо кызматкерлери маркумду ондон ашык кабыргасы сынган абалда тапкан. Териштирүү маалында каза болгон эркектин туугандары соттолуучу буга чейин да агасын сабап келгендигин айтышкан. Аял эми тогуз жыл өмүрүн түрмөдө өткөрөт.

Атасы үчүн өч алган уул. 21 жаштагы жигит түн ортосунда эки досу менен 58 жаштагы эркекти үйүнөн чыкырып чыгып "сен менин атамды өлтүргөнсүң" деп бычактап, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген соң көз жумган. Иликтөө маалында маркум 2003-жылы шектүүнүн атасын өлтүрүп алып, 12 жыл жазасын өтөп, эркиндикке 2015-жылы чыккандыгы белгилүү болгон. Сот бардык жагдайларды эске алып, жаш жигитти алты жылга эркинен ажыратты.

Мурас талашкан туугандар. Энесинен калган муздаткычты алганы келген кызынын жолдошун бычак менен сайган 81 жаштагы карыяны сот 3000 сомдук айыпка жыкты. Көрсө абышка кичүү кызы экөө мураска калтырып кеткен кир жуучу машина, муздаткыч жана үй эмеректерин улуусунун алып кетишине каршы болушкан экен.

Издөөгө алынгандардын айрымдары буга чейин бир нече жолу соттолгон - Sputnik Кыргызстан
Дээрлик бир кылым мурда издөөгө алынган кылмышкерлердин сүрөтү
Кандуу чыр. 48 жаштагы аял үйүнүн тоюна кызы менен күйөө баласын мейманга чакырат. Жадырап-жайнап дасторкон үстүндө отурган кызы бир маалда мас болуп уктап калат. Ошол учурда күйөө баласы кайненесин жыныстык катнашка мажбурлай баштайт. Мындайды күтпөгөн аял эркекти түртүп, андан соң ага бычак шилтеп жиберген. Күйөө бала алган жаракатынан улам көз жумганы айтылат. Сот отурумунда айыпталуучунун кызы энесин колдон келишинче коргоп калууга аракет кылган. Аял 10 жылга эркинен ажыратылды.

Бычакташкан достор. Кеч кирип, көчөдө арак ичип жүргөн достор үйлөрүнө тарайт. Бирок ошол эле күнү достордун бири экинчисине барып, майрам уланат. Ортодо пикир келишпестик чыгып, мас болгон үй ээси шеригин бычак менен бир нече жолу сайып жиберген. Бактыга жараша, дарыгерлер жабырлануучунун өмүрүн сактап калышкан. Окуядан кийин достор элдешип, бычак шилтеген киши 50 миң сом төлөмөр болот. Жабырлануучу да эч кимге эч кандай доосу жок экендигин айткан. Бирок алган жарааты оор болуп, каза болгон. Кылмышкер алты жыл өмүрүн темир тор артында өткөрөт. Андан сырткары, маркумдун жакындарына 60 миң сом төлөп бериши керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0