Сания Шакированын иши: соттолуучу 4 млн. сом төлөөдөн баш тартууда

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кырсыгынан каза болсон "Дүйнө сулуусу" наамынын ээси Сания Шакирова. Архив
Жол кырсыгынан каза болсон Дүйнө сулуусу наамынын ээси Сания Шакирова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
13 жылга соттолуп жаткан Чыңгыз Кондурбаев кылган иши үчүн өкүнөрүн айтып, маркумдун балдарына жардам берип турууга даяр экендигин айткан.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. "Дүйнө сулуусу" наамынын ээси Сания Шакирова каза болгон жол кырсыкка күнөөлөнүп жаткан айдоочу төрт миллион сомдук доону төлөөдөн баш тартты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине жабыркаган тараптын жактоочусу Рустам Абдурауфов кабарлады.

Гибель в ДТП Миссис Мира Сании Шакировой - Sputnik Кыргызстан
Сания Шакированын өлүмү боюнча биринчи сот кандай өткөнүн энеси айтып берди
Эске салсак, 3-июндун түнүндө Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында айдоочу рулду башкара албай автоунаа мүрзөнү барып сүзүп, ичиндеги Сания Шакирова каза болгон.

Айдоочунун кырсык болгон учурда мас экени аныкталып, эки айга камакка алынган.

Ал эми Ички иштер министрлиги унаанын айдоочусу ИИМдин Атайылаштырылган коргоо кызматынын башкы башкармалыгынын Октябрь району боюнча мурдагы жетекчиси Азрет Кондубаевдин уулу экенин да тастыктаган.

Шакированын артында үч баласы калгандыгы айтылып, айыпталуучуга жол кырсыгын жасагандыгы үчүн төрт миллион сомдук доо артылган.

"Бүгүн акыркы соттук жараян өтүп жатат. Кондурбаев ичип алып, рулга отургандыгын жана күнөөсүн мойнуна алып, кырсык болгон жерден кетип калбаганын жана аны Тез жардам алып кеткенин айтууда. Мындан сырткары, төрт миллион сомду төлөөдөн баш тартты, бирок Шакированын балдарын карап турууга макул экендигин айтты", — деп билдирди Абдурауфов.

Мындан сырткары, Абдурауфов күнөөлүүнүн жактоочусу 4 миллион сомду Кондурбаев кимдин автоунаасын айдаса, ошол төлөп берсин деген пикирин айтканын кошумчалады.

Ошентип 13-сентябрда Сания Шакирова Ысык-Көлдө каза болгон кырсык боюнча соттук жараян аягына чыгат. Жактоочунун айтымына караганда, күнөөлөнүп жаткан Кондурбаевди сот 13 жылга эркинен ажыратты.

Жаңылыктар түрмөгү
0